РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ

  • 12.10.2022
  • 0

РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ректордун “Билим кубогу” ойнотулду.

Иш-чара мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата белгиленген бир айлыктын алкагында уюштурулуп, университеттин жети факультетинен тандалып чыккан билимдүүлөр ат салышты. Алар жалпы суроо, тандоо желеси, ой чабыт жана сабаттуулук, сыр сандык деп аталган төрт бөлүктө суроолорго жооп берип, ар бир катышуучу  топтогон упайына жараша алдыңкы турга өттү. Бул менен бирге күйөрмандар үчүн да белектер жана кызыктуу суроолор камтылып, “Мыкты күйөрман” тандалды.

РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ

Финалда эң жогорку упайы камсыздаган эки студент жарышып, кубокту табият таануу жана география факультетинин студенти Мухаммедтаир Шамырбеков багындырды. 2-орунду гуманитардык факультетинин студенти Акбермет Суранали кызы ээлесе, 3-орунга математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Роза Эсеналиева ээ болду.

Соңунда окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев сөзгө чыгып: “Студент убакта жакшы окуп, тил үйрөнүп, коомдук иштерде активдүүлүк жаратып калууга мүмкүнчүлүгүңөр чоң. Бүгүнкүдөй ылдам өнүгүү заманында интеллектуалдык деңгээлиңер, илимий потенциалыңар жана креативдүү ой жүгүртүүңөр жогору болушу зарыл. Ошондуктан улуттук баалуулуктарды сактап, эң алгач өз  тилиңерди эске алуу менен, жаңы билимдерге умтулушуңарга тилектешмин”, — деди.

Белгилей кетсек, билим таймаш ар бир адамдын улуттук духун, өлкөгө болгон сүйүүсүн, тилге карата мамилесин жакшыртуу жана улуттук нарк-насилдердин баалуулугун сактоо максатында окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер