РЕЙД УЧУРУНДА СЕГИЗ ӨСПҮРҮМ ЖУМУШКА ТАРТЫЛГАНЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 10.01.2018
  • 0

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад ШИИБ тарабынан «Каникул» аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Канатбек Тургунбаев билдирди.

РЕЙД УЧУРУНДА СЕГИЗ ӨСПҮРҮМ ЖУМУШКА ТАРТЫЛГАНЫ АНЫКТАЛДЫ

Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө жашы 18ге жете элек сегиз өспүрүм жумушка тартылганы аныкталды.

  • Кышкы эс алуу күндөрү өспүрүмдөр бош убактыларын кандай өткөрүп жатышкандарын аныктоо максатында «Каникул» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейд шаардагы автоунаа жуучу жана оңдоочу жайларга, базарларда болуп өттү. Эмгекке тартылган балдар боюнча ата-энелери чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, — дейт ал.

Белгилей кетсек, эмгекке тартылган жаш өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунан келгендиги аныкталды. Жаштар негизинен унаа оңдоочу жайларда иштеп жаткандыгы белгилүү болду.

Г.А., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер