ПРОФЕССОР РАИМЖАН ЭГЕМБЕРДИЕВ: «КОЙЧУ БОЛУП ЭМГЕК ЖОЛУМДУ БАШТАГАМ»

  • 13.03.2020
  • 0

Филология илимдеринин доктору, профессор Раимжан Эгембердиев жаңы жылда сексен жашка келди.
Карыя окумуштуу азыркы учурда кыргыз тили, түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы жана кыргыз тилиндеги фразеологизмдер боюнча тандоо курстарынан көптөн бери студенттерге лекция окуп, семинардык сабактарды өтүү менен бирге илимий изилдөө иштерин да активдүү жүргүзүп келе жатат. Жарым кылымдан ашык убакыттан бери илимий-педагогикалык ишмердигин үзүрлүү улантып келаткан окумуштуу “Кут Билимге” берген маегинде өзүнүн басып өткөн эмгек жолунун урунтуу учурларына токтолду.

ПРОФЕССОР РАИМЖАН ЭГЕМБЕРДИЕВ: "КОЙЧУ БОЛУП ЭМГЕК ЖОЛУМДУ БАШТАГАМ"

– Агай, биз студент кезде мугалимдерден сабактан тышкары бир нерсе суроодон тартынып турчу элек. Мына эми, биз окууну бүткөндөн бери отуз жылдай убакыт өтүптүр. Ошондо бизге билим берген агай, эжейлерибиз ар дайым эсибизде. Ошолордун бири – Сиз. Сизди академиялык чөйрө педагог катары гана эмес, белгилүү окумуштуу катары да тааныйт. Алгачкы эмгек жолуңуз кантип башталды эле?

– Эмгек жолум адегенде падачы, андан соң, койчу болуудан башталган. Мен ал жумуштарды өз алдымча эмес, Өзбекстандын Шааркан, Кува, Асаке деген райондорунда, бирөөлөрдүн колунда, жалданып жүрүп аткарганмын. Мен эки жашка келип калганда апамдын көзү өтүптүр. Атам фронтко кетип, кийин келгенде өз алдынча үй-бүлө күтүп, мени чоң атам менен чоң энем багып, чоңойтуп өстүрүшкөн экен. Андан соң чоң энем, кийинчерээк чоң атамдын көзү өткөн, өз атамдан бөлөк өскөн мен, аларга барбастан, бирөөлөрдү ээрчип өзбек жерине кеткен экенмин, анан ошол жакта жаш балага ким ишенип жумуш бермек эле, ошондуктан бирөөлөргө жалданып, бирөөнүн көзүн карап, жалданып иштеп жүрүүгө аргасыз болгонмун.

Эки жыл иштеп, бир да кой жоготпой, бир да козуну чыгымга учураткан эмесмин. Ошентип жүргөнүмдө жаңы төлдөгөн койлорду короого калтырып төл бербеген койлорду талаага багып, кечинде келсем, короодогу козулардан бирөө жок. Аны улук чабаным “Сен субай койлорго кошуп, айдап кетип, сатып келдиң” деп мени ак жеримден ууру кылды. Мен актыгымды айтып, бирок аны далилдеп бере албай өтө катуу ызага баттым. Ошондо мага “тил бүтүп” баш чабаным менен жаман-жакшы айтышып, койчулукту таштагам.

ПРОФЕССОР РАИМЖАН ЭГЕМБЕРДИЕВ: "КОЙЧУ БОЛУП ЭМГЕК ЖОЛУМДУ БАШТАГАМ"

– Ошол койчулуктан башталып борбор шаардагы чоң университетте бакыйган профессор болгонго чейинки эмгек жолуңуздун түйшүгү оңой болбосо керек?

– Айылга келип, Амиражан деген абамдын жардамы менен ушул шаарга окууга келгенмин. Анда кирүү сынагы абдан катуу, бирок адилет болчу, мен алгачкы үч сабактан “төрт”, “беш” деген баалар менен өтүп, акыркы сынактан, тактап айтканда, орус тили боюнча жат жазуудан “эки” деген баа алып “кулап” калганмын. Мындай сынакка мен дагы үч жыл удаа катышып, үч жолу тең “кулаганмын”.

Төртүнчү жолу орус тилден жат жазуу сынагы жок журналистика бөлүмүнө өттүм эле, бирок аскер жашына жеткениме беш жыл өткөн экен, аз жерден армиядан качып жүргөн киши катары жазага тартылбай, аскер кызматына кеттим. Аскер кызматында үч жыл болгондон кийин келип окуумду кыргыз тили жана адабият бөлүмүнөн уланттым. Шартка байланыштуу окуп да ылайыктуу жумуш табылса иштеп да жүрүп, 1970-жылы окууну артыкчылык диплом алуу менен аяктадым. Анан аспирантурага кабыл алынып, аны аяктарым менен Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окутуучу болуп иштей баштаганмын. Ошондо башталган илимий-педагогикалык ишмердигиме быйыл 49 жыл өтүптүр.

– Ырасын айтканда, агай, сиз кыргыз тилиндеги өзгөчө туюнтмаларды, башкача айтканда, фразеологизмдерди изилдөөчү окумуштуу катары да таанылып жүрөсүз. Тил илиминин ушул тармагына кандайча кызыгып калдыңыз?

– 1946-жылы белгилүү орус тилчиси академик В.В.Виноградовдун демилгеси боюнча фразеология – тил илиминин бир тармагы деп таанылып, бул багытта көптөгөн жаңы изилдөө иштери жүргүзүлүп келе жатат. Түркологдордун ичинен башкырт тилчиси профессор З.Г.Ураксин, казак тилчиси академик С.К.Кенесбаев, өзбек тилчиси профессор Ш.У.Рахматуллаев кыргыз тилчиси Ж.Шүкүров тил илиминин бул тармагын улантышкан.

Мага 1971-жылы “Манас” эпосундагы фразеологизмдер” деген тема сунушталып, фразеология боюнча изилдөө ишим башталып, 1980-жылы филология илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болдум.

Фразеология маселеси – тил илиминин жаңы тармагы. Анын жаңылыгынанбы, кызыктуулугунанбы, айтор, ушул теманын тегерегинде жарым кылымдан бери иликтөө ишин жүргүзүп келе жатам. Бул маселе боюнча “Программага жаңыдан киргизилүүчү темаларга материалдар” деген аталышта мектеп мугалимдери үчүн нускама иретинде чакан эмгегим басмадан чыкты.

– Ойду өзгөчө туюндуруучу тилдик көркөм каражаттарды мектеп окуучуларына тереңдетип окутуу алгач ирет окуу китебине сиздин демилгеңиз менен киргизилгенин кесиптештериңиз белгилеп жүрөт.

– 1992-жылы “XI класста фразеологизмдерди окутуу” деген эмгегим жарык көрдү. Ага удаа окутуу кыргыз тилинде жүргөн мектептеринин Х-ХI класстарынын окуу китебин жаңылап басып чыгаруу ишине тартылып, анда фразеологизмдерди – тилдеги өзгөчө туюнтмаларды терең окутуу жагы колго алынып, аталган класстарда фразеологизмдерди – тилдеги өзгөчө туюнтмаларды камтыган “Кыргыз тили” окуу китебине авторлош болуп калдым. Ал окуу китеби ошондон бери алты жолу кайра басылып чыгып, бүгүнкү күндө да колдонулууда.

Сөз болуп жаткан тема боюнча жетимиштен ашык илимий макалаларым жарык көргөн соң, иликтөө иштерим майдаланып баратканын байкап, “Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер” деген монографиям басмадан чыкты. Ага удаа студенттер жана кыргыз тили боюнча мугалимдер үчүн “Фразеологияны ЖОЖдордо окутуу”, “Фразеологизмдердин тематикалык кыскача сөздүгү” деген эмгектерим жарык көрдү. Кийинки кезде фразеологизмдердин маанисин, алардын тилде көркөм каражат катары стилдик максатта колдонулушу, айтайын деген ойду элестүү, образдуу сапатка ээ кылып, өзгөчө туюндуруу, аларды оозеки кепте, көркөм чыгармаларда орундуу пайдалануу сыяктуу жактарын коомчулукка жеткирүү иштери актуалдуулукка ээ болуп, аны окуучуларга, студенттерге, журналисттерге, жазуучуларга, ораторлорго, ошондой эле, жалпы эле тил өнөрүнө кызыккандарга кеңири маалымат берүүнү мезгил өктөмдүк менен талап кылууда. Замандын мындай талабына ылайык, кийинки учурда “Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маани-маңызы”, “Фразеологизмдердин лексикографияланышы” деген аталыштагы эмгектерим жарык көрдү.

Акыркы кезде фразеологизмдердин – тилдеги өзгөчө туюнтмалардын кандай жолдор менен пайда болгонун, алар кантип айтылуучу ойду өзгөчө чагылдырып калганын изилдеп жүрөм. Анын натыйжасында “Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин төркүнү (Этимологиясы)” деген ат менен жарык көрдү. Бул эмгекке кызыккандар аны табууга кызыгып, кайра-кайра суранып, өтүнүчтөрү биринен удаа бири басма беттеринде жарыяланып жатып, акырында окурмандардын суроосун канааттандыруу максатында аны Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясы кайрадан басмадан чыгарып, республикабыздын мектептерине таркатып жакшы иш кылды.

– Фразеологизмдер темасында диссертация коргоп, филология илимдеринин доктору деген илимий даражага ээ болдуңуз. Көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердигиңиз үчүн, аспиранттардын илимий иштерине жетекчилик кылганыңыз үчүн профессор наамын алдыңыз. Эмгек жолуңуз алтымыш жылдан ашыптыр, анын ичинен жарым кылымга жакыны билим берүү тармагында өтүптүр.Ушундай узак, түйшүктүү эмгегиңиздин үзүрүн кандай көрүп жатасыз?

– Менин сыйлыгым да, сыймыгым да силерсиңер. Айрыкча өткөн кылымдын жетимишинчи-сексенинчи жылдардагы биз сабак берген студенттер арасынан бүгүнкү күндө элге таанылгандарын көргөндө кубанып кетем. Алардын арасынан чыккан академик болгондор, эл жазуучусу жана эл акыны деген наамга жеткендер, профессорлор алдыман чыкканда “агай, саламатсызбы” деп учурашканда, орун бошотуп бере коюшканда төбөм көккө жете түшөт. Мына ушулар сыяктууларга сыймыктанбаганда, анан ким менен сыймыктанам.

Маектешкен Кубат Чекиров

 

Бөлүшүү

Комментарийлер