ПРОФЕССОР МУСА АГАЙ же Байтик баатырдын илимпоз чыгаан урпагы жөнүндө сөз
- 23.09.2024
- 0
Ким өтүмүштөн кабары болсо – ал болумушту көзөмөлдөйт, ким болумушту билсе – ал болочокту боолголойт! Мына ушунтип бири-бирине өтө тыгыз байланып, жармакташ жаралган айланкөчөк замана! Буюрса, быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө туптуура бир кылым толот. Ошону менен бирге, өлкөнүн эл агартуу тармагы да өзүнүн түптөлгөнүнүн 100 жылдык маарекесин белгилегени турат. Ошентип, эки бирдей маареке тунгуч кыргыз мамлекетинин башатында турган жана ушу тапта кеңири белгиленип жаткан Кара-Кыргыз автоном облусунун маарекесине туш келди. Эгемен Кыргызстан, анын бакубат келечеги жөнүндө сөз кылганда Кыргыз автономиясынын жаралуу тарыхын аттап өтө албайбыз. Албетте, ар заманда өз доорунун тарыхын жараткан же тарых аны жараткан өзгөчө адамдар болот. Ал эми биз кеп кыла турган профессор Муса Рыскулбеков да так ушундай улуу инсандардын бири болуп саналат. Ошондой жаратман адамдардын аркасы менен өлкөнүн өнүккөнүӊ же бара-бара калк турмушунун жакшырганын замандаштары өз маалында байкабай деле, алтургай унутулуп деле калат окшобойбу. Ал өзү улуу көчкө Кыргыз ССРи жаӊыдан түзүлгөн учурдан тарта кошулган улуттук интеллигенциябыздын экинчи муунуна кирет. Тилекке жараша, Муса устаттын артында анын сабагын алып, даӊгыр жолго салган шакирттери бар экен, анын жолу аста-аста акырын уланууда. Эмесе ошого кайрылалы…
ТАГДЫРДЫН КАЙЧЫ ЖОЛУНА ТҮШКӨН ЖАШ БАЛА
Кыргызда “Туюлгандын буюрганы бар” деген бир накыл кеп бар, анысы кандай, буюрган экен, Муса Рыскулбеков 26 жашында жаӊыдан түзүлгөн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетин жетектеп, эӊ оор согуш мезгилинде 30 жаштагы Эл агартуу комиссары, азыркы тил менен айтканда, билим берүү министри катары өлкөбүздүн эл чарбасы менен билим берүү тармагынын калыптанышына жана анын андан ары өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан болуптур. Ырас, буга чейин бул киши тууралуу анчалык кеп-сөз болгон эмес. Көрсө, анын жөнү бар экен. Дегеле, Муса агайдын баскан жолу менен өмүр өтөлгөсү биз ойлогондон кыйла татаал түшүптүр.
Муса Рыскулбеков 1911-жылы Аламүдүн районундагы Байтик айылында туулган. Кадимки Байтик баатырдын уулу Ырыскулубек бийдин баласы.
Билим алууну көксөгөн кичинекей Мусаны бир дагы мектеп албайт. Кыязы, ошо кездеги тапчыл, жаатчыл, жикчил, шекчил, кекчил, эпчил немелер “Бул бала бай-манаптын тукуму, солтонун баш манабы Байтиктин көздөй тукуму, өз атасы Ырыскулубек да солтонун чоӊ бийи болгон” деп астыртан шыпшына шыбырап турушса керек. Калк арасынан эл душмандарын издеген так ушундай ашкере шекчил немелердин айынан алгачкы автономияны түптөгөн кыргыздын чыгаан уулдары жалган жалаага калып, жабыр тарткан, куугунтукка алынып, кызматынан бошотулган, камакка алынып, акыры атылып тынган.
Эске салсак, Канай уулу Байтик 1823-жылы Чүй аймагындагы Бас-Бөлтөктө туулган. XIX кылымдагы кыргыздын эӊ ири саясий ишмерлеринин бири, солто уруусунун баш манабы. 1862-жылы жергиликтүү элди кыйнап, жедеп эсирип калган Кокон хандыгынын өкүлү Рахматтуланы жанжөкөрлөрү менен кошо өлтүргөндөн кийин, Бишкектеги Кокон чебин талкалап, сарбаздарын жөө-жалаӊ айдап салганы менен атагы чыккан. Ошондон Байтик баатыр атыккан. 1866-жылы сарбагыш, саяк, солто сындуу бир топ уруулардын атынан Москва менен Санкт-Петербургга барып, Россиянын курамына кирүү жөнүндөгү маселени макулдашат. 1886-жылы 63 жашында каза болот. Сөөгү Бас-Бөлтөккө коюлган.
Акыры 15 жаштагы Муса Казакстандын Олуя-Ата шаарындагы жатак мектепти бүтүрүп, Контондук соода окуу жайына өтөт. Бир жылдан соӊ анын тек-жайы кайрадан козголуп, таптык талапка жооп бербейт деген шылтоо менен окуудан чыгарылат. Кийин 1936-жылы Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Эл чарба институтун артыкчылык менен аяктаган. Экономика илимдеринин кандаты илимий даражасына ээ болгон алгачкы кыргыз кадры. Кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын докторантурасын да бүтүрөт.
Эмгек жолун Финансы-экономика техникумунда окутуучу болуу менен баштаган. 1937-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагалыгына, ал эми 1941-жылы, тагыраак айтканда, Улуу Ата мекендик согуш башталганда Кыргыз ССРинин Эл агартуу комиссарлыгына дайындалып, ал кызматта согуш бүткөнгө чейин эмгектенген. Ошону менен бирге, илимий изилдөө жүргүзүп, окутуучулук ишин да уланткан.
Кийинчерээк биротоло илимий жана окутуучулук кызматка өтүп, СССР Илимдер академиясында, Кыргыз медициналык институнун жана Кыргыз мамлекеттик университетинин жетекчилик кызматтарында эмгектенип келди. Алтургай, ардактуу эс алууга чыккандан кийин деле узак жылдар бою КМУУнун профессор-кеӊешчиси да болуп турду. Кыргыз Экономикалык университетке (КЭУ) Муса Рыкулбековдун ысымы ыйгарылган. Манас атабыздын жолу менен тажик кызына үйлөнгөн. Төрт кыз, бир уулдун атасы. Муса агай 2010-жылы 99 жашында каза болду.
Кыргыз мамлекетинин экономикасын калыптандырууга, чыӊдоого, өнүктүрүүгө кошкон зор салымы эске алынып, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, эки Ардак Белгиси ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган, профессор, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиӊирген ишмер, Кыргыз ССРинин Эл мугалими наамдарына арзыган.
ӨЗ ЖОЛУН ТАПКАН БААТЫР УРПАГЫ
Материалдык көз караш, капитал, экономика, финансы түшүнүктөрү, алардын келип чыгуу таржымалы, жаралуу табияты, тийгизген таасири, классикалык мааниси тээ-э XIX кылымдагы Карл Маркстын «Капиталында» эле кыйла так чечмеленип берилгени менен, экономика илимий түшүнүк катары XX кылымдын орто ченинен тарта калыптана баштаган. Ал эми улуттук экономикабыздын башатында дал ушу Муса агайыбыз турат десек жаӊылбайбыз. Ал Өзбекстандын Илимдер академиясында “Эт өнөр жайын жана анын чийки зат мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү” темасындагы илимий даражасын жактаган алгачкы кыргыз адиси болуп саналат.
Өзүӊөр жакшы билесиӊер, СССР насилинде пландуу экономикага таянган өлкө болгон, мындайча айтканда, өлкө өнүгүүсүнүн кеминде 5 жылдык долбоору алдынала иштелип чыгып, анын аткарылышы катуу көзөмөлгө алынган. Андан Кыргызстан дагы четте калган эмес. Муса Рыскулбеков жетектеген Мамлекеттик пландоо комитети дал ушундай чараларга толугу менен жооп берген. Бул мекеменин иш-милдеттери азыркы Экономика министрлигинен да кеӊири болгонун мисал тартсак эле жетиштүү болот чыгар. Бир сөз менен айтканда, Мампланком саясий эмес, мамлекеттин накта экономикалык башкы аспабы болгон.
Анын үстүнө, Муса Рыскулбековдун бул багыттагы иши кыргыздын миӊдеген чыгаан уул-кыздары ар кандай ойдон чыгарылган жалган жалаалар менен тегиз камакка алынып, репрессияга тартылып, четинен атылып, эл чарбасын көтөрүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгө мыкты кадрлар менен тажрыйбалуу адистер жетишпей жаткан, жалпы элдин мындан ары дагы кандай болуп кетет деп маанайы кыйла түшүп турган учурга туш келди. Алтургай, анын өз өмүрү дагы кылдын учунда турган. Ошого карабастан, мамлекет үчүн чын дилинен ак кызматын өтөп берди.
Андан кийин 1941-жылы дайындалган эл агартуу комиссары, азыркы тил менен айтканда, билим берүү министри кызматы деле андан кем калган жок, бүтүндөй совет элинин башына түшкөн алаамат мезгилге туш келди. Анын үстүнө, илим менен маданият да анын карамагында болчу. Ал кезде алдуу-күчтүү эр бүлөлөр согушка аттанып, бүтүндөй эл чарбасы толугу менен балдар менен чалдардын, майыптар менен аялдардын мойнунда калган кезеӊ эле. Муса агай төрт жыл бою күндүз чарбада иштеген балдарды кечинде окутуп, күндөп-түндөп билимден өксүтпөө, ал үчүн жеткелеӊ шарт түзүү аракетинде жүрдү.
Ал эми 1947-жылы кайрадан Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалып, дээрлик сегиз жыл негизинен жергиликтүү жана кооперативдүү өнөр жай маселелерин тейледи. Сегиз жыл бою согуш маалында кедери кетип бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүү, согуш маалында өлкө аймагына көчүрүлүп келинген заводдор менен фабрикаларды сактап калуу жана кеӊейтүү, аларды тынчтык шартына ыӊгайлаштыруу, өнөр жайын ири тапшырыктар менен камсыз кылуу, өнөр жайга жергиликтүү калкты тартуу, жаш адистерди даярдоо, жаӊы жумушчу орундарын түзүү сындуу толгон-токой кечиктирилгис чаралар менен алектенди. Анан албетте, өзүнүн илимий иштери да унутта калган жок.
Муса агайды жакындан жакшы билген замандаштарынын айтымында, ал киши Өзбекстанда чоӊоюп, билим алып, Өзбек ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы, Өзбек ССР КП БКнын секретары, Өзбек ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеп, анан Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагалык кызматына которулуп келген, кийин Кыргыз ССРнин биринчи секретарлыгына дайындалган Исхак Раззаков менен бир чети жашташ-курдаш, ары жакын санаалаш болгонун, алар өз ара кеӊешип иш жасаганын белгилешет. Андан тышкары, кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрү Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков менен жакын тууган болгону да бир топ кедергисин тийгизсе керек. Ошондон улам, Исхак Раззаков куугунтукта жүргөн учурда Муса агай узак жылдар жылуу сөзгө алынбай келген окшондон улам чыгар. Бирок, карт тарых баарына тараза эмеспи, акыры дал ошондой болду окшойт.
ИЛИМДИН ИЗГИ ЖОЛУНДАГЫ МУСА АГАЙ
Кудаяшүгүр, ушу тапта өзүн Муса агайдын шакирти эсептеген илимпоздор менен мамлекеттик кызмат адамдары да арбын экен. Азыр алардын алды академик, профессор, илимдин доктору болуп калышты. Улуу устатын тартып, өлкө аймагындагы ири жогорку окуу жайларын жетектеген ректорлор дагы жок эмес. Ошондон улам, алардын агай тууралуу азыноолак пикирин угуп коюуну туура таптык.
Академик Турар Койчиев устаты Муса агайды экономикалык билим менен илимдин патриархы катары сыпаттайт. “Муса Рыскулбеков – экономикалык илимий изилдөөлөр менен билим берүүнүн жаӊычыл ири ачылыштарынын башатында турган адам. Бул ал киши өз маалында экономикалык теорияны экономикалык илимдин негизи катары кароого артыкчылык бере алган дегенди билдирет. Андай илимпоздор тарыхта сейрек кездешет…”
Профессор Шарип Алманбетов азыр баам салып көрсөк өткөн кылымдын 70-жылдары КМУнун Экономика факультетинде Муса агай сындуу мыкты окутуучулар сабак бергенин эскерет. “Буйрук экен, биз ал кишилерден билим алып калдык. Муса агайдын билимине эле эмес, тунук акылы менен баскан-турганына, улуулук кичипейилдигине да абдан суктанчубуз. Чыкыйта кийинип, баары өзүнө жарашып турчу. Орду менен тамашалай да билчү. Ар сабагын калтырбоого аракет кылчубуз…”
Ал эми экономика илимдеринин доктору, КЭУнун мурдагы ректору Төлөбек Камчыбеков устатынан ар дайым жакындан жардам, такай колдоо көрүп келгенин айтат. “Жараткан маӊдайыма жазган экен, университетти бүтүргөндөн кийин, Муса агай менин андан аркы тагдырыма жалгооч болду. Экономикалык илим жаатында эӊ башкы устатым болуп калды. Жарыктык, өтө акылман, тереӊ билимдүү, чыгаан окумуштуу, таптаза адам, ошол эле учурда жөпжөнөкөй мага үлгү киши эле. Мен ректор болуп турган маалда КЭУга Муса агайдын ысымын ыйгарууга жетишип калдык…”
Белгилей кетсек, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети Кыргызстандагы экономика багытындагы башкы тармактык, көп деӊгээлдүү бирден-бир жогорку окуу жайы болуп саналат. Ал билим берүүнүн баардык өсүү тепкичтерин басып өттү: Советтик соода техникуму, жогорку колледж, жаӊы форматтагы жогорку окуу жайы. Профессор Төлөбек Камчыбеков төрт жолу катары менен ректорлукка шайланган.
Илимден дароо эле кандайдыр бир оң натыйжаларды же чоң ачылыштарды күтүү – бери дегенде мүмкүн эмес, ары дегенде акылсыздык, жеткен аңкоолук деп койсок деле болот. Окумуштардын айтымында, илимий изилдөөдөн алынган терс натыйжа деле кандайдыр бир деңгээлде оң натыйжа болуп саналат имиш. Айрыкча, атаандаштык күч алган азыркы доордо илимий изилдөөлөргө олуттуу мамиле жасаган, жаңы технологияларды жетик өздөштүргөн жана жаңыча мамиле жасай билген, илим тармагына жетиштүү каржылык, маалыматтык, өндүрүштүк, интеллектуалдык жактан колдоо көрсөтө алган мамлекеттер алдыга озуп чыгып, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан утушка ээ болорун көрсөттү.
Профессор Муса Рыскулбеков өткөн мезгил аралыгында мамлекеттик ири мекемелерди жетектөө менен бирге, илимий изилдөө жана окутуучулук иштерин таптакыр таштабаптыр. Анын колунан 200дөн ашуун илимий макала жаралып, 5 илимий монография менен окуу китебинин автору болуптур. Алардын арасында СССРдин, анын ичинде Орто Азия менен Кыргызстандын экономикалык талылуу жана орчундуу маселелерин козгогон эмгектери да бар. Ал илимий китептердин аталышынан эле даана байкалып турат:
- Кыргызстандын Россияга кошулуусунун экономикалык мааниси.
- Кыргыздардын көчмөн мал чарбасынан социалисттик чарбага өтүшү.
- Союздук боордош республикалар менен экономикалык байланыш.
- Кыргызстандын социализм өлкөлөрү менен экономикалык байланышы.
- Кыргызстандын экономикалык тарыхы боюнча окуу китеби.
- Орто Азия / СССРдин жана чет өлкөлөрдүн экономикалык тарыхы.
Андан тышкары, ал иштеп турган учурда Кыргызстандын эл чарбасында бир катар ири илимий жана иш жүзүндөгү жаӊы ачылыштар менен өтө келечектүү демилгелер көтөрүлгөн. Маселен, Кыргыз жергесинин гидроресурстарын туура пайдалануу, анын ичинде Нарын ГЭС каскадынын мүмкүнчүлүгүн так баалоо, арзан жана экологиялык жактан таза электр кубатын алуу боюнча илимий изилдөө жана жеринен чалгындоо иштери жүргүзүлө баштаган.
Маселен, эл аралык деңгээлде таанылып, иш жүзүндө кеңири колдонулуп жаткан тоо кыртышынын геомеханикасына байланыштуу 2-3 илимий ачылыш бар: биринчиси – академик Илгиз Айтматов менен профессор Кушбакали Тажибаевдин тоо тектердеги калдыктуу чыңалуунун бошонуу кубулушуна байланыштуу эмгеги, экинчиси – ошол эле окумуштуунун уюлдашып таралган ультраүн толкундарынын ылдамдыгынын салыштырма өлчөмүнүнө байланыштуу илимий ачылышы. Баса, бул ачылыш азыр окумуштуулар менен адистер арасында «Кушбакали закону» деген ат менен кеӊири белгилүү.
Андан тышкары, академик Аман Мамытовдун жер кыртыштарынын генезисине, башкача айтканда, жер кыртышынын географиясына, өзгөчөлүктөрүнө, картографиясына, агрохимиясына арналган фундаменталдуу илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жер кыртыштарынын картасы түзүлүп, жер кыртыштарынын курамы так аныкталган. Жер кыртыштары ойгелди бузулуп жаткан азыркы учурда мунун агротармак үчүн мааниси чоң.
Академик Кайып Оторбаевдин Кыргызстандын табигый-экономикалык мүнөзүн, өлкө өндүрүшүн аймактар боюнча жайгашуу өзгөчөлүгүн, жаратылыш байлыктарынын пайдалануу багыттарын ачып берген фундаменталдуу илимий эмгектери азыркы учурда теориялык жактан да, практикалык жактан да өз маанисин жогото элек. Тек, аларды азыркы заман талаптары менен шарттарына тууралоо зарыл.
Жалпы айыл чарбасында, анын ичинде профессор Муса Рыскулбеков экономикалык негиздерин иштеп чыккан мал чарбасында да бир топ ачылыштар болду. Мисалы, узак жылдар бою мал башын асылдандыруу жаатындагы талыкпаган илимий изилдөөлөрдүн, тандоолордун, иргөөлөрдүн, аргындаштыруунун натыйжасында жаӊы кыргыз асыл тукум жылкысы, уяӊ жүндүү меронос коюу, бийик тоолуу шартка ылайыкташкан Алай тукумундагы кой, сүт багытындагы Ала-Тоо тукумундагы уй жаралды. Дан жана техникалык өсүмдүктөрдүн Кыргызстандын шартына ылайыкташкан жаӊы сорттору чыгарылды. Эми, мындай мисалдар арбын.
Кыскасы, кезинде бай-манаптын тукуму, ишке чоркок кадр эмес, бирок Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Исхак Раззаков сындуу ишенимсиз адамдардын көздөй кадры катары саналып келген Муса Рыскулбеков кайсы тармакта эмгектенбесин, баскан жолу, өмүр өтөлгөсү жөрөлгөлүү, көрөӊгөлүү, өнөлгөлүү болду.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер