ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ ӨЛКӨНҮН ТАЛАНТТУУ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 01.06.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаров жана Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата министрлик тарабынан уюштурулган “Балалык ыргагында” аттуу салтанатта өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту.ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ ӨЛКӨНҮН ТАЛАНТТУУ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ ӨЛКӨНҮН ТАЛАНТТУУ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Жолугушууга окууда, чыгармачылыкта, спортто өзгөчөлөнгөн жана түрдүү предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен балдар катышты.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баарлашуу алдында окуучуларды президентке тааныштырды.

Баарлашуунун жүрүшүндө окуучулар мамлекет башчысы менен министрге жеке жетишкендиктери тууралуу айтып берип, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.

Анда мектеп окуучуларынын бири информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышуучуларды даярдоо үчүн атайын жыйындарды Кыргызстанда да өткөрүү мүмкүнбү деген суроо узатты.

Садыр Жапаров министрликке олимпиадага катышуучулар үчүн даярдык көрүү жыйындарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Президент Садыр Жапаров менен Алмазбек Бейшеналиев мектеп окуучуларына жергиликтүү жана эл аралык олимпиадаларда ийгиликтерди каалап, алардан келечектеги өлкө жетекчилери чыгып, элге, мамлекетке пайда алып келээрине ишенимин билдирди.ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ ӨЛКӨНҮН ТАЛАНТТУУ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бөлүшүү

Комментарийлер