ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУ МОСКВА ШААРЫНА КОШТОП КЕТКЕНДЕРДИН ИЧИНЕН ЭКИ АДАМДАН КОРОНАВИРУСКА АНАЛИЗДЕРИ ОҢ ЧЫКТЫ

  • 24.06.2020
  • 0

Алгоритмге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен КОВИДге тест тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер