ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ «МААЛЫМАТТЫ МАНИПУЛЯЦИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМГА КАРАТА КАРШЫ ПИКИРГЕ КОЛ КОЙДУ

  • 03.08.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына карата Каршы пикирге кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзамдын негизги концепциясын — ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин Интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоонун зарылдыгын колдоп, ошону менен бирге төмөнкү каршы пикирлерди билдирет.

Пикир билдирүүнүн эркиндиги жана маалыматтын эркиндиги өлкөбүздүн негизги мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелет жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.

Ошол эле учурда мамлекетибиздин негизги мыйзамы жарандарды башка адамдардын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоону милдеттендирет. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу.

Ошону менен бирге дүйнөдөгү коронавирус инфекциясы пандемиясынын мезгилинде социалдык тармак аркылуу жалган жана анык эмес маалыматтарды таратууга багытталган айрым адамдардын аракеттери жарандардын ден соолугуна жана/же өмүрүнө, коомдук тартипке жана/же коомдук коопсуздукка зыян келтирүү коркунучун жаратууда, ошондой эле жарандардын мыйзам менен корголгон укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндиктерин кемсинтүүдө.

Бул маселенин коомдогу маанисин жана андан келип чыгуучу ушул чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуунун толуктугун камсыз кылуунун зарылдыгын көңүлгө алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, укуктук мамилелердин субъектилерин, бул мыйзамды ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталат.

«Бул мыйзамды кароону адам укуктарын, жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты, мамлекеттин технологиялык жана туруктуу өнүгүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен камсыз кылуу керек деп эсептейм.

Жогоруда жазылгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алган „Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамын макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайтарам.

Бул Каршы пикирди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо аны сунуштоону Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрине жүктөйм», — деп Каршы пикирде белгиленген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер