АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН БУУДАГЫ КАЙРЫЛУУСУН КООМЧУЛУК КОЛДОП ЖАТАТ

  • 27.09.2022
  • 0

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН БУУДАГЫ КАЙРЫЛУУСУН КООМЧУЛУК КОЛДОП ЖАТАТ

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин “Планетанын ден соолугу, адамзаттын ден соолугу” аттуу Нью-Йоркто БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитиндеги кайрылуусу дүйнөлүк деңгээлдеги демилге! Кыргыздын экоцентризм наркын биздин министр глобалдык деңгээлге алып чыгууда. Планетаны билим менен сактоонун стратегиясын эң оболу өзүбүз иштеп чыгып, башка өлкөлөрдү тартып, эл аралык уюмдардын колдоосу менен дүйнөгө жайылтып, пропаганда кылалы. Ошондой эле министр мындай тема Кыргызстанга имидж алып келерин да кошумчалаган.  Бул демилге өлкөбүздүн билим берүү кызматкерлеринин көңүлүн өзүнө буруп, чоң талкуулар жүрүп жаткан кез. Биз төмөндө ага карата ой-пикирлерге орун бердик.

 

 Гүлжан Бердимуратова, Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн директору:

– Эгерде ушул темп менен барсак, Жер-Эне да өз каарын карматышы мүмкүн… Биздин ата-бабаларыбыз байыртадан жаратылышка аяр мамиле жасап, ыйык тутуп келген эмеспи. Жер-Эненин муңун-зарын укпагандар кандай жазага кабыларын “Кожожаш”, “Карагул ботом” дастандары “кулагыбызга күмүш сырга” кылып айтып келген. Кийин деле Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романы, андан кийинки кыйылган өрүктүн көз жашын баяндаган “Өрүк комуз”, кечээги эле “Дарак ыры” дастандары менин сөзүмдү тастыктагандай, бизге эскертүү бергендей сезилет.

Биз, улуу муундун өкүлдөрү, балдарыбызга ушул теманы күн сайын, саат сайын айтып, айлана-чөйрөнү коргоого, ыйык сактоого үйрөтөлү, ошого тарбиялайлы!

Келгиле, жашыл ааламыбызды көздүн карегиндей сактайлы!

Дарья Мусина, директор РУМЦЭВ “Балажан”:

– Выдвинутая, министром образования и науки Кыргызской Республики Алмазбеком Бейшеналиевым на уровне ООН, Концепция Взаимосвязи здоровой планеты, здоровой школы, здорового поколения очень своевременна.

Формировать правильное представление о жизненных ценностях – одна из важных задач воспитания подрастающего поколения. Сегодня мы должны создать активную образовательную среду для формирования познавательного интереса учащихся в области здорового образа жизни и экологических знаний. Очевидно, что это поможет воспитать активную жизненную позицию, ответственное отношение к своему здоровью, целеустремленности наших детей. Я уверенна, что будущее страны заключается прежде всего в здоровой, зрелой и благополучной нации, и конечно, здоровых и благополучных наших
детях.

Индира Дууланова, директор дошкольного образовательного учреждения №22:

– Мы полностью и горячо поддерживаем концепцию здоровья планеты в системе образования, которую выдвинул министр образования и науки КР Алмазбек Бейшеналиев.

Образование как главный компонент устойчивого развития, представляет фундаментальную идею – обеспечение устойчивого развития за счёт формирования экогеосферного мировоззрения, основанного на понимании гармоничного существования системы «Человек и общество – здоровая природа планеты Земля – здоровый человек», возрождение духовного потенциала, признаваемое как ключевое условие разрешения экологической
ситуации.

Рыскуль Токторова,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун география, экология жана туризм факультетинин деканы:

– Адам баласы менен жаратылыш тыгыз байланышта жана биз анын бир бөлүгүбүз. Жаратылышка аяр мамиле жасоону биздин ата-бабаларыбыз байыртадан эле ооз эки фольклорунда, дастан, эпостордо айтып келген. Аны биз Кожожаштын мисалында көрсөк болот.

Климаттын өзгөрүшү, токойлордун аянтынын, биоартүрдүүлүктүн түрдүк курамынын, мөңгүлөрдүн, таза суу корунун азайышы, жайыт, айдоо жерлердин жабыркашы, айлана-чөйрөнүн таштандылар менен булганышы адам баласынын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Бул маселелерди калың калкка, өсүп келе жаткан муунга жеткирүү үчүн мектеп, ЖОЖдордун окуу программаларына киргизүү зарыл. Жаратылыш жана адам баласынын ортосундагы байланышты табигый илимдердин, анын ичинде география илиминин негизинде гана жеткирүү мүмкүн. Ошондуктан ЖОЖдордо “Кыргызстандын географиясы”, “Экология” дисциплиналарын окутуу менен ал маселени чечүүгө өз салымыбызды кошо алабыз.

Гайде УМАРОВА, Бишкек шаарындагы №21 мектептин директорунун милдетин аткаруучу:

– КРнын билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин Нью-Йоркто БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде айтылган ойлору, алдыга койгон пландары – бүгүнкү күндөгү глобалдуу проблемалар. Биздин министрдин ар бир жасаган кадамдары, иш-аракеттери ушул күндөрдө жогорудагы темага багытталып жаткандыгы бизди сүйүнтөт жана мугалимдер үчүн өтө жоопкерчиликтүү иштер
жүктөлүүдө.

Чындыгында аалам жазуучусу Ч.Айтматов айткандай, «Адамзат жаратылышты аёосуз багындырып алып, кайра анын алдында алсыз болуп калдык» дегендей, биздин муундун алдында кийинки муундар үчүн жер планетасын болушунча сактап, коргоп, кийинки муунга өткөрүп берүү вазийпасы турат. Ал үчүн, министр айткандай, терең, ар тараптан калыптанган, билимдүү муунду тарбиялап, сапаттуу билим берүүгө тийишпиз.

Рахат Сулайманова, Ж. Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору:

– Кыргыз элинде “Биринчи байлык – ден соолук” деп бекер айтылбаган. Албетте, бекем ден соолук гана жаркын келечекке, бакубат турмушка алып келери күмөнсүз. Ар бир адамдын ден соолугу планетанын ден соолугунан көз каранды. Адамзат алмустактан бери жаратылыш койнунда, табияттын бир бөлүгү катары жашап келген. Калыгул акылмандын осуятында: «Бул дүйнөдөн аккан суудай, Төгүлгөн кумдай бардыгы өтөт. Жараткандан үчөө гана өлбөйт, Калдайган кара жер өлбөйт, Аскасы бийик зоо өлбөйт, Агыны катуу суу өлбөйт», — деп таамай айткан экен. Андыктан улуу ойчул “Жакшы болсоң жердей бол, Баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол, Баарын жууп кетирген” деген насаатын калтырбаса керек.

Коомдун өнүгүшүндөгү дүйнө жүзүндө болуп жаткан илимий-технологиялык секирик, жеңил жана оор өнөр жайларынын өнүгүшү жакшы көрүнүш болгону менен, кен байлыктарын, таштандыларды иштетип чыгаруу механизмдеринин жетишсиздиги барып келип планетанын жабыркашына, экологиялык катаклизмаларга алып келүүдө. Жер планетасы бул адамзаттын бар байлыгы, көздүн карегиндей сактай турган медери. Ал эми планетанын экологиялык коопсуздугун сактоо биринчи кезекте адам рухунун экологиясын тазартуудан көз каранды. Бул милдет биринчи кезекте жаш адамдын жетилишинде өзгөчө орунда турган бала бакча, мектеп, билим-тарбия берүү системасы менен
байланыштуу.

Ылайым касиеттүү Калыгул айтып кеткендей, миң булак соолбой агып келип, бир Ысык-Көлдү түзгөндөй, кыргыз эли биз да ата-бабадан калган Ала-Тообузду, Жер планетабызды сакташыбыз керек! Жаш муундарды Ысык-Көлдөй толуп турган, бөксөрбөгөн, ниети тунук,  Ала-Тоонун ак кар, көк музундай бекем жана бийик кылып тарбиялашыбыз
керек.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер