ПЕДИКУЛЕЗ: МАЙДАДАН ЖАРАЛГАН ЧОҢ МАСЕЛЕ

  • 04.02.2019
  • 0

ПЕДИКУЛЕЗ: МАЙДАДАН ЖАРАЛГАН ЧОҢ МАСЕЛЕ

Белгилүү акын Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» романында мектептеги колдоруна сызгыч алып тызылдатып тазалык текшерген кыздардын “Баланчаев — эки бит, үч сирке”-деп эсептегендери, анысы аз келгенсип, жалпы чогулушта эл алдында жарыялагандагы учурун сүрөттөгөн жери бар. Ал бизге балалыкты эске салса, акыркы он, жыйырма жылда педикулез дээрлик жоголуп кеткендиктен, кийинки муундарга бул көрүнүш таң калычтуу болушу ыктымал. Антейин десең, 3-4 жылдан бери балдарды “бит көйгөйү” каптап, андан арылуу жолун таппай ата-энелери убара тартып келишет. Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда педикулезго кабылгандардын саны дээрлик үч эсе өскөн.

Балдарынын тазалыгына кам көрбөгөндөргө эки миңден айып пул

Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адиси Мира Курманова педикулездун жайылышынын негизги себеби – бул шаардагы муниципалдык билим берүү мекемелериндеги балдардын саны нормадан 2-3 эсе ашык болуп жаткандыгында деп эсептейт.

— Шаарлардагы билим берүү мекемелеринде балдар өтө жыш жайгашкандыктан, санитардык нормалар сакталбай, педикулез жайылууда. Мындай кырдаал айрыкча муниципалдык мекемелерде орун алып жатат. Алсак, 2018-2019-окуу жылында долбоор кубаттуулугу 76935 орундуу мектептердеги балдардын саны 157 152ге жетип, ашыкча жыштыгы 212 пайызга чыккан. Бала бакчалардагы орундар долбоор боюнча 14 080 балага ылайыкталса, иш жүзүндө 32136 бала болуп, 228 пайызды түзгөн. Андан тышкары, мыйзамсыз салынган менчик мончолордун санитардык-техникалык абалынын канаттандырарлык эместиги (1000 адамга эки гана жуунучу орун бар), ал эми шарты жакшы мончолордун баасынын карапайым калк үчүн кымбаттыгы да терс таасирин тийгизүүдө-дейт Мира Курманова.

Мир Курманованын айтымында, өткөн 2018-жылдын 10 айында шаарда педикулез менен 110 учур катталган. Салыштыра турган болсок, 2017-жылы – 166 учур, анын ичинде 141 учур жамааттарда катталган.

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде үч баласы окуган Фарида аттуу айым акыркы мезгилде балдарынын (кыз, эркек дебей) баштары сирке, биттен арылбай жатканын айтып кейиди.

— Үч балам тең мектеп курагында. Акыркы үч-төрт жылдан бери балдарымдын чачтарын бит, сиркеден тазалап бүтө албай келатабыз. Кээде эки кызымдын эле эмес, уулумдун да башын бит басып кетет. Айла жок, кызымдын чачын кыска кырктырууга туура келди. Бул өзү өтө жугуштуу болгондуктан, канчалык тазаласак да, бири-биринен жугуп отуруп бат эле кайра келип калат экен. Туугандар да бири-бирибизден обочолоно баштадык. Бул жөнүндө мектептеги мугалимдер деле кабардар. Алар окуу жылы башталганда ар бирибизге маалымат таратышкан. Анда балдарынын ден соолугуна, тазалыгына кам көрбөгөн ата-энелерге эки миң сом айып пул салынары эскертилген,-дейт ал.

Айыл жергесиндеги абал шаардагы кырдаалдан кыйла эле кыйын десек болчудай. Жээндери айылда таенесинин колунда жүргөндүгүн, ал киши жаш курагына байланыштуу неберелеринин чачтарын тазалап жетише албай жаткандыгын айткан Кундуз аттуу келин, эл арасында чач жууган шампундарга атайын бит пайда кылган заттарды кошуп сатышат экен имиштерди угуп жаткандыгын айтты.

— Эжем Россияда иштеп жүргөндүктөн, эки жээним апамдын колунда. Мен айылга барган сайын мектептеги эки кыздын чачын тазалап келем. Кийинки барганымда, кайра эле баягы көрүнүш. Классындагы башка кыздардан жугат ко, кыязы. Жайында чачтарын таптакыр кырып таштоого туура келет. Бирок алар улам чоңойгон сайын кыйыныраак болуп баратат. Биз бала кезде бит-сиркелер көбүрөөк кездешкен көрүнүш эле. Андан кийин негедир дээрлик жоголуп кеткендиктен, ага каршы күрөшүү чараларын деле унутуп калыптырбыз. Азыркы дары-дармектердин таасири начарбы, айтор күчү жок деп эле апам кайгырат. Айылда анүстүнө азыркы чач жуучу каражаттар тескерисинче, биттетип жиберет деген айың кептер тарап жатат, анын себеби битке каршы каражаттарды көбүрөөк сатуу экен дешет. Анык-төгүнүн ким билсин, айтор бизге битти түп орду менен жок кылуу кыйын болууда-деди Кундуз.

Кичинекей биттин чоң көйгөйлөрү

Педикулез же жөн эле бит басуу — бул жугуштуу дарт. Ал адамдын денесинде биттин үч түрүнүн пайда болушунан улам козголот. Бит айрым олуттуу ооруларды алып жүрүүчү, коркунучтуу дарт болуп эсептетет. Балдар көбүнесе аны бала бакчадан жуктуруп алышса, чоңдор коомдук унаадан «ала келишет». Бир эле илээлешкен бит өз жумурткасын — сиркесин таштап, андан тез эле жаңылары чыгып жайылып кетишет. Баштын бити – чачтын арасында жашап, кан соргон майда курттар. Алар 6-14 күндүн ичинде жетилип, ургаачысы жумуртка (сирке) таштайт. Анын өңү ачык сары түстө, баштын какачына аябай окшош келет.

Педикулез күчөп кетсе, адам бир топ убакыт андан арыла албай кыйналат. Анын үстүнө, бит дары-дармекке ылайыкташып, бат эле көнүп алат. Паразиттер же мите курттар денеде да пайда болот. Жаман жери, баштын бити кийимге жукчу канаты жок түрүн пайда кыла алат. Ал өзүнүн түзүлүш өзгөчөлүгүнө байланыштуу дайыма чачтын арасында жашай албайт. Бит кийимге кыпчуурлары менен жабышып, жакшы ыңгайлашып алат. Мындай абалга жеткирбеш үчүн өз убагында дарыланган оң.

Бардык илдеттер сыяктуу эле педикулезду дарылоо үчүн алгач дарыгерлерге кайрылуу керек. Ага каршы колдонуучу дарылардын көбү тилекке каршы, өтө кымбат турат. Шампунь же паразиттерге каршы спрей арзаныраак. Баарынан ынанымдуу ыкма – бул майда тарак колдонуу. Биз бала кезде чоң энелерибиз алдыларына ак жоолуктарын жайып алып чачтарын сөөктөн жасалган бир жагы кесек, бир жагы майда тиштүү тарактар менен тарап отурушканын көп эле көрүп калдык. Адистер ошондой майда тиштүү тарактарды колдонууну сунушташат. Элдик ыкма катары керосин жана башка заттар менен дарылаганга далалаттанышат, бирок балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында мындай ар кандай ыкмаларды колдонуудан алыс болгонубуз оң. Социалдык тармактардан бит баскан баласын энеси сымап менен дарылап, анын аягы кайгылуу аяктаган окуя баарыбыздын эле эсибизде болсо керек.

Баш биттерден айрыкча, өз алдынча тазалык камын көрө алышпаган жаш балдар жапа чегишет. Андыктан алар ар дайым ата-энелердин жоопкерчилигинде болушат.

…“Ит менен биттин жүрбөгөн жери жок эмеспи” деп кейиген Шайлообек акындын энеси аларды адегенде аязга “кактап”, аппак болуп кыроо баскан шым-көйнөгүн үйгө алып кирип сабоо менен сабап туруп, андан соң отко кактайт эмеспи, жарыктык киши. Ансыңарындай, оңой менен жоголбогон паразиттерден арылуунун жолдору тууралуу адистер ар түрдүү кеп-кеңештерди беришет.

Адистин кеңеши:

Педикулез жуктуруп албаш үчүн төмөндөгү жеке гигиенаны сактоо талап кылынат:

— Бала бакчага, мектепке ж.б. коомдук жайларга барганда балдарга башкалардын тарагын, сүлгүсүн, баш кийимин, чач жасалгаларын колдонууга тыюу салуу керек;

— узак убакыт бир жактарда жүрүп келген ар бир үй-бүлө мүчөсүн кылдат текшерүү шарт;

— бала бакча жана мектепке барган балдардын баштарын, кийимдерин маал-маалы менен текшерип туруу зарыл.

Эгерде педикулез табылса:

— дарыканадан тиешелүү каражат сатып алып, нускамага жараша тазалап чыгуу керек;

— балага дароо таза кийимдерин кийгизүү зарыл;

— жуулган кийимдерди үтүк менен тыкат үтүктөп чыгуу талап кылынат;

— бир ай бою бардык үй-бүлө мүчөсүн ар бир он күндө бир текшерип туруу керек.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер