КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ – ЖАҢЫ УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
- 18.06.2025
- 0
Ысык-Көлдө өтүп жаткан “Жаңылыктын жарчысы” педагогикалык форумуна Тоң районундагы Т.Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүм башчысы Молдобаева Рахат да катышууда. Ал жаңы билим берүү стандартынын өзгөчөлүчү катары Кыргыз жараны концепциясын баса белгиледи.
Рахат Молдобаеванын айтымында, өсүп келе жаткан муунда жаран таануу, кыргыз менталитетин сактап калуу деген маселелер артта калып жаткандай. Мына ушул маселени алдын алууда Кыргыз жараны концепциясына басым жасалгандыгы эң жакшы чечим.
Ошондой эле ал форумда 12 жылдык билим берүүнүн канчалык деңгээлде маанилүү экендигин ийне-жибине чейин түшүнө алгандыгына токтолду.
— Дүйнөлүк практикада өнүккөн мамлекеттердин дээрлик баары 12 жылдык билим берүү стандартынын негизинде билим берет. Мындан улам биздин бүтүрүүчүлөр окууга тапшыруу максатында 11 жылдык аттестат менен барып, бир жылын текке кетирүүдө. Ошондуктан 12 жылдык билим берүү – учурдун талабы. Ал эми жаңы стандарттын маанилүүлүгү – кыскача, жалпак тилде жазылгандыгында. Мурдагы стандарттарда маалымат көп болгондуктан, мугалимдерге баарын окуп чыгуу мүмкүн эмес эле, — дейт бөлүм башчы.
АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер