ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ БАГЫТ:ВАУЧЕРДИК МЕХАНИЗМ КИМДЕРГЕ МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРЕТ?
- 16.07.2026
- 0
Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоо системасында жаңы механизм ишке кирди. Быйыл педагогикалык багыттар боюнча мамлекеттик каржылоонун жаңы формасы — ваучердик механизм киргизилип, абитуриенттер арасында чоң кызыгуу жаралды. Айрым адистиктер боюнча ваучердик орундар биринчи турдун өзүндө эле толуп, педагогикалык кесипке болгон талап жогору экенин көрсөттү.
2026-жылы педагогикалык багыттар боюнча ваучердик программа аркылуу кабыл алуу үчүн 1824 орун каралган. Бирок бул орундар бардык талапкерлерге автоматтык түрдө берилбейт. Абитуриенттер конкурстук тандоодон өтүп, белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
Жаңы механизмдин негизги максаты — педагогикалык кесипке даяр, билимдүү жана шыктуу жаштарды тартуу, ошондой эле мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.
Ваучердик механизм качан киргизилди?
Педагогикалык багыттар боюнча ваучердик каржылоо механизми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы №63 токтому менен бекитилген «Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартибинин» негизинде ишке киргизилди.Бул документ мамлекеттик билим берүү гранттарын жаңы форматта каржылоонун негизин аныктайт.
Мурда мамлекеттик каражаттар негизинен окуу жайларга бөлүнүп келсе, жаңы механизмде каржылоо конкреттүү студенттин билим алуусуна байланыштуу болот. Башкача айтканда, мамлекет тарабынан берилген ваучер студент тандаган билим берүү уюмуна багытталат.
Кийинчерээк бул тартипке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги №301 токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, механизмди ишке ашыруунун айрым жоболору такталган.
Ваучер деген эмне?
Ваучер — бул студенттин билим алуусуна мамлекет тарабынан берилген каржылык колдоо.Жаңы системанын өзгөчөлүгү — мамлекеттик каражат эми студенттин тандоосу менен байланышта бөлүнөт. Бул окуу жайлардын да жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Анткени билим берүү мекемелери студенттерди тартуу үчүн билим берүүнүн сапатына көбүрөөк көңүл бурууга тийиш болот.Эгер студент мамлекеттик эмес окуу жайды тандаса жана окуу акысы ваучердин суммасынан ашып кетсе, калган бөлүгүн өзү төлөйт.
Адистиктерге кызыгуу эмнеден улам өстү?
Педагогикалык багыттарга болгон кызыгуу акыркы жылдары күчөгөнү байкалууда.И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү Медина Айдарбекованын айтымында, быйыл педагогикалык адистиктерге тапшырган жаштардын саны өскөн.«Педагогикалык багыттарга кызыгуу артып жатат. Буга бир нече фактор таасир этүүдө. Алардын бири — мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы. Ошондой эле бюджеттик орундарга болгон суроо-талап жогору бойдон калууда», — деди ал.Анын маалыматына караганда, кабыл алуу жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.«Эң жогорку упай алган абитуриенттер артыкчылыкка ээ болушат. Айрым багыттар боюнча биринчи турдун өзүндө эле ваучерлер калбай калды. Экинчи турга жеткен жок», — деп белгиледи кабыл алуу комиссиясынын өкүлү.
Ваучердик программага кайсы окуу жайлар катышат?
Ваучердик программага бардык эле окуу жайлар эмес, белгиленген талаптарга жооп берген жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары катышат.2026-жылдагы программага төмөнкү окуу жайлар киргизилген:
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
Ош мамлекеттик университети;
М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети;
А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети;
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети;
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети; > ~Madina: Талас мамлекеттик университети;
Инновациялык технологиялар жана энергетика институту;
Эл аралык Мета-Илим университети;
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту.Бул тизмеде аймактык окуу жайлардын да болушу өлкөнүн бардык аймактарында педагогикалык кадрларды даярдоону күчөтүүгө багытталган.
Окуу жайлар кандай талаптарга жооп бериши керек?
Ваучердик программага катышкан окуу жайлар бир катар талаптарды аткарууга тийиш.Алардын арасында тиешелүү адистиктер боюнча лицензиянын болушу, билим берүү программаларынын талаптарга жооп бериши, материалдык-техникалык базанын жетиштүү болушу жана квалификациялуу окутуучулар курамынын болушу каралат.Ошондой эле окуу жайлардын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, даярдоо багыттары жана өлкөдөгү педагогикалык кадрларга болгон муктаждык эске алынат.
Ваучердик орундар бардык университеттерге бирдей бөлүнбөйт. Алар окуу жайдын мүмкүнчүлүгүнө жана белгилүү багыттарга болгон талапка жараша аныкталат.Жаңы тартипке ылайык, белгилүү бир адистик боюнча ваучер аркылуу кабыл алынган студенттердин саны жалпы кабыл алуунун 50 пайызынан ашпоого тийиш.
Ваучер кимдерге берилет?
Ваучер бардык абитуриенттерге автоматтык түрдө берилбейт. Аны алуу үчүн талапкерлер конкурстук тандоодон өтүшү керек.Биринчи этапта талапкерлер педагогикалык багыт боюнча ваучер алуу үчүн конкурсқа катышат.Быйыл педагогикалык багыттар боюнча жалпы республикалык тесттин босого баллы 130 балл болуп белгиленди.Бул көрсөткүч талапкердин конкурска катышуусуна мүмкүнчүлүк берет, бирок ваучерди кепилдебейт.Эгер талапкерлердин саны көп болсо, тандоо ЖРТнын жыйынтыгына жана башка белгиленген критерийлерге жараша жүргүзүлөт.Экинчи этапта ваучер алган талапкер өзү тандаган окуу жайга кабыл алуу процессинен өтөт.
Ваучердин көлөмү канча?
Мамлекеттик колдоонун көлөмү билим берүү деңгээлине жараша аныкталат.Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында бир студент үчүн ваучердин өлчөмү жылына 42 миң 350 сомду түзөт.Ал эми орто кесиптик билим берүү уюмдарында бул сумма 65 миң 500 сом деп белгиленген.Бул каражат студенттин билим алуусуна байланыштуу чыгымдарды жабууга багытталат.Ошол эле учурда мамлекеттик колдоону алган студентке жоопкерчилик да жүктөлөт. Эгер студент окуусун жүйөсүз себептер менен токтотсо, өз каалоосу менен окуудан чыкса же окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартса, ваучердин наркына барабар каражатты кайтаруу милдети каралган.
Абитуриенттер жаңы мүмкүнчүлүк тууралуу эмне дешет?
Быйыл педагогикалык багыттарга тапшырган айрым абитуриенттердин айтымында, ваучердик механизм алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болду.Талапкерлердин билдирүүсүндө, мамлекеттик колдоо тууралуу маалымат аларды педагогикалык адистиктерге кызыктырган.Ошол эле учурда айрым абитуриенттер жаңы системанын бардык шарттарын толук биле бербегенин белгилешкен.«Ваучер бар экенин билип, мен дагы конкурска катыштым. Бул абитуриенттер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экен. Бирок анын бардык талаптарын толук биле бербейм», — деди И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырган абитуриент Айзирек Назирова.Бул абитуриенттер үчүн ваучердик механизм тууралуу түшүндүрүү иштерин дагы күчөтүү зарылдыгын көрсөтөт.
Максат — сапаттуу мугалим даярдоо
Педагогикалык билим берүүдөгү ваучердик механизм — бул жөн гана каржылоонун жаңы формасы эмес. Ал мугалим даярдоо системасын өзгөртүүгө багытталган кадам.Жаңы системанын негизги максаты — педагогикалык адистиктерге студенттердин санын көбөйтүү гана эмес, билимдүү, жоопкерчиликтүү жана кесипке берилген адистерди тартуу.Эгер бул механизм даярдыгы күчтүү жаштарды педагогикалык кесипке алып келип, аларды келечекте мектептерде иштөөгө кызыктыра алса, анда ваучердик система билим берүү тармагындагы маанилүү реформалардын бири болуп калат.Анткени мектептин сапаты — биринчи кезекте мугалимдин сапатына байланыштуу.
МАДИНА КУРБАНОВА, «Кут билим»



Комментарийлер