ПЕДАГОГДОРДУ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО

  • 18.01.2024
  • 0

Кыргызстанда педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабы боюнча берилген документтерге экспертиза башталды.

ПЕДАГОГДОРДУ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО

Документтердин экспертизасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө.

Буга чейин, 2023-жылдын 14-декабрынан 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө педагогдордун арыздарын санариптик каттоо жөнүндө аймактык билим берүүнү башкаруу органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына билдирүү жөнөтүлгөн.

Санариптик каттоонун жыйынтыгы боюнча учурда 325 арыз келип түшкөн, анын ичинде шаарлар боюнча:

Бишкек – 11, Ош – 17, облустар боюнча: Баткен – 26, Жалал-Абад – 56, Ысык-Көл – 43, Талас – 29, Нарын – 30 жана Чүй – 17.

Аттестациялоонун биринчи этабы республиканын педагогдорунун ыктыярдуу аттестациядан өтүүсү үчүн санариптик портфолионун квалификациялык категорияларга ылайыктуулугун экспертизалоону камтыйт. Мугалимдер экспертизага документтерди «Мугалимдин өзүн-өзү баалоосу» жана «Мугалимдин санарип портфолиосу» санарип форматында катташты.

Аттестациялануучуларды аттестациялоонун кийинки этабына – тестирлөөгө киргизүү – аттестациялануучунун санариптик портфолиосунун квалификациялык категория ыйгарууга билдирилген талаптарга ылайык келүүсүнө экспертизанын жыйынтыгы менен гана билдирилет.

Тестирлөөнүн датасы жана орду тууралуу билдирүү кошумча жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, аттестация  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана 2023-жылдн 4-августундагы №390 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Анда мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу деп белгиленет:

—  экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;

—  биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;

—  жогорку квалификациялык категориядагы мугалим.

Бөлүшүү

Комментарийлер