ПАРИЖ-2024: КӨЗГӨ АТААР ТҮРК МЕРГЕНИ ЮСУФ ДИКЕЧ БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ
- 05.08.2024
- 0
Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 10 метрге пневматикалык тапанчадан атуу боюнча командалык жарышта Түркиянын намысын коргоп, күмүш медалга ээ болгон Шеввал Илайда Тархан менени Юсуф Дикеч мекенине кайтты. 51 жаштагы көзгө атаар мерген тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары түрдүү пикирлерди жазып, башкаларга өрнөк кылышууда. Анын спорттогу тагдыры кыргызстандык мекендештериме, мергендерге дагы сабак болобу деген максатта калем кармадым.
Дүйнө жаштарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан Юсуф Дикеч Туркия келип, жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюларында 24 жылдык эмгегинин акыбети кайтканын белгилеп: “Республиканын тарыхында тапанчадан ок атуу боюнча эң биринчи олимпиада медалын өлкөбүзгө алып келгенибиз үчүн абдан кубанычтабыз. Бизди колдогон 85 миллион калкттын дубасын алып, олимпиадага жол тартканбыз. Курулай кол менен келбедик. Чындыгында биздин ниетибиз алтын медаль алуу болчу. Олимпиадага олуттуу, абдан жакшы даярдык көргөнбүз. Февраль айында Бразиляда өткөн Дүйнөлүк кубокто биринчи орунду алганбыз. Бир ай мурун Германияда өткөн мелдештеда алтын медаль менен кайтканбыз. Бул жолу шансыбыз болбой калды. Рекорд коюп, финалга чыкканыбыз эң жакшы команда экенибизди көрсөттү. Тоскоолдуктарга карабастан өлкөбүзгө олимпиаданын күмүш медалын алып келдик” деп жооп берди.
Мелдештер учурунда линза, көз жапкыч, кулак коргоо сыяктуу жабдууларды колдонууну жактырбаган спортчу Дикеч соц баракча, медияларда жылдызга айлынды. Көпчүлүк сөз кылгандай мелдеш учурунда такыр камырабаган жүрүм- туруму дүйнө элин таң калтырды. Чынында мелдеш учурунда ал эч кандай каражаттарды колдонбоду. Кадимки күнүмдүк көз айнеги менен бутаны таамай мээлеп турган учурда бир колун чөнтөгүнө салып алганы көпчүлүктүн кызыктуу талкуусун жаратты.
«Сыртыбыздан камырабагандай көрүнгөнүбүз менен ичибизден бороон чапкын болуп жаттык. Жүрөгүбүз жарылып кетчүдөй сезилди. Бирок, биз аны билгизбегенге аракет кылабыз. Мен эки көзүм ачып туруп атам, ананда жабдуулар мага ыңгайсыздык жаратат. Адам өзүнүн талантын баалап, алдыга чыгарыш керек. Дүйнөлүк ЖМКнын күн тартибинде болуу бизди кубандырып, жана мотивация берүүдө. Бирок, мынчалык талкуу жаратаарын билген эмесмин. Өзүм да бир заматта жылдызга айланып калганыма таң калдым. Бул жылы олимпиада жолдомосун кеч алдым. Бүгүнкү олимпиаданын күмүш медалын 85 миллион калктын атына, Туркиянын атына арнап алдык. Бул команданын иш жыйынтыгы. Театр сыяктуу ар бирибиздин ролубуз бар. Ролубузду эң сонун аткарганыбызда ортого эң сонун жыйынтык чыгат. Биз колубуздан келишинче аракет кылдык жана жыйынтыгына жеттик”- дейт көзгө атар мерген Юсуф Дикеч.
Спортчу ошондой эле Париж-2024 бешинчи Олимпиадасы экенин да билдирди. 24 жылдан бери Түркиянын эң мыкты өкүлү катары олимпиадалык оюндарга катышып, өлкө намысын коргогонун белгилеген улуттук аткыч Дикеч : “Мындан кийинки максатыбыз Лос-Анжелес-2028 Олимпиада оюндары. Париждеги басылмаларга берген билдирүүдө да айттым. 1-орунду алган Дамирге алтынды сага аманат кылып жатабыз. 2028-жылы дагы кайра алабыз дедим” деп күлүмсүрөгөн Дикеч кийинки олимпиада оюндарынан кийин ок атуу спорту менен коштошоорун кошумчалады.
51 жаштагы тажрыйбалуу спортчу, олимпиаданын күмүш медаль ээсин Түркиянын ок атуу федерациясынын жетекчилери жана жаш спортчулар аэропорттон гүлдөр менен кучак жайып тосуп алышты. Туркия Республиканын тарыхында бул тармакта (ок атуу спортунда) биринчи олимпиада медалын жеңип алышты. Аэропортто тосуп алган басма сөз кызматкерлерине “Шеввал менен 2-3 жылдан бери тынымсыз иштеп, жакшы ийгиликке жетиштик. Ал абдан тажрыйбалуу чыгаан мерген. Мындан кийин да эң алдыңкы медалды алып келээрибизге сөз беребиз. Лос-Анжелес-2028 олимпиадасына чейин токтоо, тыным жок. Эки күндөн кийин кайрадан машыгууну улантабыз” деп кубанычтары менен бөлүштү.
Туркиялык Юсуф Дикеч атаандаштарынан айырмаланып, эч кандай жардамчы жабдык колдонбостон байгелүү орунга жетишкени социалдык медиада дуу болгону тууралуу:
«Мен турушумду атайын кылган жокмун. Бул менин өзүмдү эң ыңгайлуу сезген жана денемди эң туруктуу кармап турган позициям болчу. Колумду чөнтөгүмө салганым атуу учурунда тең салмактуулукту кармоо үчүн болчу. Адаттагыдай эле ок атуу позициябызга кирип, тапанчабыз менен огубузду аттык. Колуңду чөнтөгүңө салсаң эле ийгилик келип калбайт. Досторум мага “колуң чөнтөктө экен, ошондуктан медаль алдың” деп жатышат. Колуңду чөнтөгүңө салып, ышкырып эле чемпион боло албайсың. Мунун аркасында талыкпаган эмгек, өжөрлүк жана тынымсыз машыгуулар турат. Менин мелдеш учурундагы турушум дүйнөдө мынчалык популярдуу темага айланаарын күткөн эмесмин. Негизи соц медияны көп колдонбойм. Бирок, жаштардын, спорт ышкыбоздордун жүрөгүнөн түнөк тапкан болсок абдан кубанычтамын. Бул менин эле эмес, Туркиянын ийгилиги! ” деген билдирүүлөрүн таркатты.
Юсуф Дикеч Түркия жандармериянын Генералдык командирлигинде кенже офицер- улук сержант наамындагы жоокер. Economic Times басылмасынын жазганына караганда Юсуф Дикеч Анкарадагы Гази университетинин Дене тарбия факультетин бүтүрүп, андан соң Селчук университетинде машыктыруучулук боюнча магистр даражасын алган. Спортчу англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Бош убактысында маанайын көтөрүү үчүн бийлегенди жакшы көрөт. Юсуф Дикеч эркектер арасында 25 метрлик тапанчадан атуу боюнча алтын медаль утуп, Европа чемпиону да болгон. Жер Ортолук деңиз оюндарында, Ислам тилектештик оюндарында байгелүү орундарга жетишкен. Буга чейинки чогулткан медаль коллекциясында бир гана олимпиада медалы жетишпей турган. Күмүш эмес, алтын болгондо коллекциясы толукталмак. Ал ок атуу спортуна 28 жашында кеч келген. Анын эң алгачкы олимпиадасы 2008-жылы Бээжин Олимпиадасы болгон. Анда 10 метрден пневматикалык тапанчадан атуу боюнча 44-орунду, 50 метр аралыкка атууда 22-орунду ээлеген. 2012-жылы Лондон жайкы олимиадасына катышкан. 2016-жылы Рио-Де-Жанейро олимпиадасы жана 2022- Токио олимпиада оюндарында Түркиянын намысын коргогон.
Бүгүнкү күнгө чейин тапанчада ок атуу спорттун белгилүү түрүнө кирген эмес. Дүйнөлүк жылдызга айланган Юсуф Дикечтин популярдуулугунун аркасынан буюрса жаштар бул спортко шыктанды, кызыгуусу артты деген үмүттөбүз. Мындай жетишкендик, мүмкүнчүлүк аркылуу бир канча өлкөдө, анын ичинде кыргызстандык жаштарга мотивация болду. Биздин өлкөбүздөгү жаштарга да үмүт жаратып, өрнөк, үлгү болду десек болот. Адам баласы бир нерсени абдан каалап жатканда эмес, өзү каалаган нерсесине жетүүгө умтулганда жана ага карай жумшаган аракетинде гана жыйынтык, ийгиликтер, жеңиштер жаралат.
Кайдасыңар, көзгө атаар мергендер?
Деги эмне үчүн кыргызстандык талантуу таамай көзгө атаар мергендер Париж олимпиадасына жолдомо албай калды деген мыйзамдуу суроо туулат. Себеби, бул спортто мурда олимпиада чемпионубуз Александр Мелентьев баштаган даңазалуу мергендер болгон. Салт уланбай, айылдагы атактуу мергендердин тукумдарына көңүл бурулбай, алар үчүн мелдештерге жол ачылбай турат окшойт. Канда бар дегендей эле, мергенчинин тукумунан сөзсүз ата-баба жолун жолдогон мергендер чыгат. Генетикага көңүл бурчу мезгил эбак жеткен. Айылдагы көзгө атаар мергендер карышкыр, кийик атканына маашыр болбой, бул спорттун дагы жүгүн түркиялык Юсуф Дикечтей көтөрүп, эл намысына жарай турган учур эбак келгенин эсине алышса дейм… 51 жашында Париж олимпиадасынын күмүш медалын тагынган Юсуф спорттогу ийгиликтерди элүүдөн өтсө дагы жаратууга болоорун далилдеди.
Айылда ширенкенин бир тал башын таамай аткан кыргыздын көзгө атаар мергендери намыстанып, өлкөбүздүн туусун дүйнөлүк аренада, олимпиадалык оюндарда көкөлөтө көтөрүүгө убактын эбак жеткенин эске алып, машыгууларды баштоосу зарыл болуп турат.
Жаачылар да жардамга, колдоого муктаж
Ошондой эле Жаңыл Мырзадай жаа тарткан кыздардын багын ачууга мезгил эбак жетип, замандын шарынан калып баратабыз! Илгертен эле кыргыздар жаа атуунун чебери болгону тарыхта маалым. Кыргызстандын жаа атуу федерациясынын президенти Эльнура Осмоналиеванын демилгелерин колдоого алып, заманбап жаа атуучуларга башка ишкерлер дагы көз кырын салып, жардам бербесе, ийгилик, жеңиштер жаралбайт.
Бермет НУР,
Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, спорттук баяндамачы, Стамбул шаары, Түркия (Атайын “Кут Билим” сайты үчүн)
Комментарийлер