ПАКИСТАНДЫН БААТЫР КЫЗЫ – МАЛАЛА ЮСУФЗАЙ

  • 20.03.2019
  • 0

Менин атым Сехар Наз Жанани. Мен Пакистандан болом. Ушул тапта Нарындагы Борбор Азия университетинин журналистика бөлүмүндө билим алам. Кыргызстан  жана аны мекендеген кыргызстандыктар мага абдан жагат. Мен бүгүн өзүн жана башкаларды өзгөрткөн пакистандык баатыр кыз Малала тууралуу айтып бергим келди.

ПАКИСТАНДЫН БААТЫР КЫЗЫ – МАЛАЛА ЮСУФЗАЙ

NEW YORK, NY — NOVEMBER 11: Malala Yousafzai appears onstage at Glamour’s 23rd annual Women of the Year awards on November 11, 2013 in New York City. (Photo by Larry Busacca/Getty Images for Glamour)

Ал 15 жашында, Пакистандагы өз жеринде, экстремисттик топ тарабынан ага ок атылганга карабастан, анын жаш руху сынган эмес.

-Террорчулар, менин максатымды өзгөртөм, дымагымды токтотом деп ойлошкон. Бирок менин жашоомдо: алсыздык, коркунуч, үмүтсүздүк жоголгонунан башка, эч нерсе өзгөргөн жок. Менде күч, кайраттуулук жана дем пайда болду. Мен жеке талибандарга же башка террордук топторго каршы максаттарым жөнүндө сүйлөгөнгө келген жокмун. Мен бул жерде, ар бир баланын билим алууга укугу бар деп айтуу үчүн турам. Мен талибандардын, террористтердин жана экстремисттердин уул-кыздары билим алуусун каалайм, — деп айткан Малала  Юсуфзай Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жатып.

1997-жылдын 12-июлунда Малала Юсуфзай – дүйнөдөгү шыктандыруучу кыздардын бири жарык дүйнөгө келген. Ал жаш чагынан  активдүү болуу менен,  дүйнөнү жакшыга өзгөртүү жынысыны, жашына карабастан, ар бир адамдын колунан келерин далилдеди. Малала бала чагынан эле аялдар менен жаш өспүрүмдөргө билим берүүнү жактады.

Азыркы тапта Малала өз максаттарына жетүү үчүн аракет кылган башка кыздарга табылгыс идеал болуп саналат. Ал — Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын  эң жаш лауреаты. Ал Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык аянтчаларда өз үнү менен билим берүү маселелерин ортого алып чыгып, көп балдарга билим алуу үчүн жол ачты. Анын миссиясы абдан бийик. Ал дүйнө жүзүнө «Билимдүү болгула, ушул максатка жетиш үчүн билим алууга умтулгула!» деп айтып келет.

— Биз бирөө келип биздин укугубузду коргойт деп күтпөшүбүз керек. Биз өз күчүбүз менен өзүбүздүн укуктарыбызды коргошубуз керек. Ооба, биз муну жасай алабыз. Бир күнү бардык кыздар күчтүү экендигин көрөсүңөр. Бардык кыздар мектепке бара алат. Ушунун баары биздин күрөш аркылуу жана өз укугубузду коргошубуз менен гана мүмкүн болот, — дейт Пакистандын баатыр кызы Малала Юсуфзай.

 Сехар Наз Жанани, Борбордук Азия университетинин студенти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер