ОШТУНУН ЖАШТАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУ

  • 13.04.2023
  • 0

ОшТУнун чыгармачыл жаштары “Адамдыкка сапар” дил маегинин кезектеги жолугушуусун өткөрүштү.

Бул окуу жайда бир ай мурда студенттердин билим алуусу менен катар алардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында жаштар чыгармачылык борбору негизделген эле. Борбор түзүлгөн күндөн баштап “Адамдыкка сапар” деп аталган дил маек сериясы ар жуманын шейшемби күндөрү өткөрүлүп келатат. Анын кезектеги иш-чарасында ар тараптан өнүгүүнү каалаган жаштардын тобу борбордун иш-пландарын бекитип, келечекте студенттерге пайдалуу иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

ОШТУНУН ЖАШТАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУ

Аталган борбордун негизги максаты студенттерге билим берүү менен бирге улуттук тарбиянын негизинде алардагы жеке мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, чыгармачылыктарын өркүндөтүү болуп саналат. Мында студенттерге мотивациялык семинарларды белгилүү инсандар жана тренерлер өткөрүп турмакчы.

Данияр уулу Элдиярдын жетекчилигинин алдында окуу жайдын активдүү студенттеринен түзүлгөн бул борборго окуу жайда билим алып жаткан бардык студенттер келип, өздөрүндөгү чыгармачылык таланттарын өркүндөтө алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер