ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ
- 04.12.2023
- 0
Ош технологиялык университетинин мыкты студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Ак үйгө барышты.
Мында КР ЖКнын депутаттары Нуржигит Кадырбеков жана Шайлообек Атазовдор менен жолугуп, бир топ акыл-кеңештерин, жылуу сөздөрүн угушту.
Студент жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенге чын ниеттен кызмат кылуу, өз өлкөсүнүн мыкты атуулу болууга үгүттөө үчүн мындай иштер дагы да улана бермекчи.
Бөлүшүү
Комментарийлер