ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ИШКЕРЛИКТИН СЫРЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ 

  • 16.05.2020
  • 0

Ош технологиялык университетинин студенттерине жана окутуучуларына жеке ишкер Каримбеков  Абдисаит нөлдүк капитал менен бизнес баштоонун сырларын үйрөттү.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ИШКЕРЛИКТИН СЫРЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ 

Иш-чара  окуу жайдын экономика жана башкаруу факультети тарабынан уюштурулду. Каримбеков  Абдисаит  ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү, Ош шаардык кеңешинин депутаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ишкердикти жана бизнести колдоо, инвестициялар, тышкы экономикалык байланыш жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы, КМЮАнын финансылык укук жана Кытай Эл Республикасынын Жилин университетинин  эл аралык мамилелер адистиктери  боюнча магистри, РФ Болгар Ислам академиясынын ислам  укугу багыты боюнча докторанты, КЭРдин Түндүк-Батыш университетинин юриспруденция багыты боюнча докторанты, ийгиликтүү жеке ишкер.

Факультеттин деканы А.Артыков конок лекторго келечектеги кесип ээлерине бизнеске болгон кызыктуу мотивация бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, карантинден кийин сентябрь же октябрь айларында окуу жайда реалдуу режимде ушундай сабактарды өтүп берүүнү суранды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер