ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ БАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ МААНАЙ ТАРТУУЛАШТЫ

  • 22.09.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинде Баткенден келген үй-бүлөлөрдүн балдарына оюн-зоок уюштурулду.

Иш-чара табигый-техникалык факультетинин студенттери тарабынан өтүп,  Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры менен биргеликте кичинекей балдар-кыздардын жүзүндө жагымдуу жылмаюуну жаратышты. Мында уюштуруучулар тарабынан балдарга ыр, бий конкурстары,  оюн-зооктор уюштурулуп, белектер берилди.  Ар бир жаш балага бактылуу балалык, чын ден соолук каалашты.

Университет бул багытта көп иштерди жасап келе жатат. Кайрымдуулукту алдыңкы орунга койгон ОшТУнун студенттери Баткенден келгендерге  колунан келишинче жардам берип жатышат. Жаштардын бул аракеттерине балдардын ата-энелери ыраазычылык айтышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер