ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ АРАЛЫКТАН БИЛИМ АЛЫШУУДА

  • 29.03.2020
  • 0

Ош технологиялык  университетинде  окуу процесси аралыктан жүргүзүлүүдө. Бул багытта университетте атайын “Аралыктан окутуунун” иш планы түзүлүп, ага ылайык тиешелүү структура бөлүмдөрү жана профессордук–окутуучулук курам иш алып барууда.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ АРАЛЫКТАН БИЛИМ АЛЫШУУДА

Университеттин электрондук билим берүү порталына студенттер үчүн ар кандай форматтагы (текст, аудио, видеоматериалдар ж.б.) окуу материалдары, тапшырмалар, усулдук көрсөтмөлөр электрондук түрдө жүктөлүп, смс түрүндөгү көрсөтмөлөр, консультациялар атайын веб-чаттын жардамында  жөнөтүлүп, студенттерден жооптор кабыл алынып жатат. Студенттер өздөрүнүн үйүнөн эле компьютер (ноутбук), планшет же смартфондордун жардамында Интернет аркылуу, өздөрүнүн атайын логин, паролдору менен порталга кирип, виртуалдык сабактарга катыша алышат.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ АРАЛЫКТАН БИЛИМ АЛЫШУУДАМындай система мурда сырттан окуган студенттер үчүн колдонулуп келген болсо, учурда күндүзгү окуу формасындагы студенттер үчүн ишке кирип, окутуучу менен студенттин ортосунда Интернет тармагы аркылуу 24 саат бою үзгүлтүксүз байланышты түзүп, on-line жана of-line режимдеринде сабактарды өтүп турууга мүмкүнчүлүк түзөт.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ АРАЛЫКТАН БИЛИМ АЛЫШУУДАOn-line сабактардын тартиби университетте бекитилген электрондук жадыбалга жараша жүргүзүлөт жана of-line режиминде сутканын калган бөлүгүн пайдаланууга болот.

  • Кырдаал чукул болгондуктан жана айылдардагы Интернеттин жетишсиздигинен кээ бир студенттер порталлга кире албай жаткан учурлар да бар. Бирок көпчүлүгү активдүү түрдө билим алууга аракет кылып жатышкандыгы байкалууда. Кандайдыр бир техникалык себептер менен же өздөрүнүн логин, паролдорун унутуп калып, порталга кире албай жаткан студенттер болсо өздөрүнүн кураторлору менен байланышып толук маалымат алуусун өтүнөбүз, — дейт окуу жайдын маалымат катчысы.
Бөлүшүү

Комментарийлер