ОШТУНУН СТУДЕНТИ “КМШнын МЫКТЫ СТУДЕНТИ” АТАЛДЫ

  • 22.01.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти Луиза Кудайбердиева билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүүлүгү үчүн «КМШнын мыкты студенти» сыйлыгына ээ болду.

ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлагандай, ал “Бобек” жалпы улуттук кыймылы ассоциациясынын диплому, “Мыкты студент” медалы жана “КМШнын мыкты студенти” күбөлүгү менен сыйланды.

Ийгиликке жеткен студентти ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, мындан ары дагы мыкты жетишкендиктердин ээси болуусуна тилектештигин билдирип, окууларына ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер