ОШТУНУН БОРБОРУ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

  • 18.04.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы Корея Республикасынын билим берүү борбору тарабынан уюштурулган чечендик өнөр боюнча сынакта ОШТУнун Корей борборунун окуучулары Абдурасулова Нурпери менен Осмонова Зулайка биринчи орунга ээ болушту.

ОШТУНУН БОРБОРУ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

 

Корей борбору аталган окуу жайда бир топ жыл мурун ачылып, студенттерге, окуучуларга корей тилин үйрөтүүдө көптөгөн иштерди аткарып келет. Борбордон билим алган студенттер республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды камсыз кылышкан.

Андан сырткары, борбор аркылуу студенттер Түштүк Корея мамлекетине мобилдүүлүк программасы боюнча билимин тереңдетүүдө.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер