ОШТУНУН БЕШ ОКУТУУЧУСУ «ДОЦЕНТ» ОКУМУШТУУЛУК НААМЫН АЛДЫ  

  • 18.01.2023
  • 0

ОШТУНУН БЕШ ОКУТУУЧУСУ "ДОЦЕНТ" ОКУМУШТУУЛУК НААМЫН АЛДЫ  

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен Ош технологиялык университетинин беш илимпоз окутуучусуна “доцент” окумуштуулук наам ыйгарылды.

Физика-математика илимдеринин кандидаты Саадалов Төлөнбайга математика адистиги боюнча, техника илимдеринин кандидаты Ирматова Жылдызга тамак-аш технологиясы адистиги боюнча, физика-математика илимдеринин кандидаты Маматкасымова Алиймага информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу адистиги боюнча, техника илимдеринин кандидаты Рысбекова Элмирага курулуш адистиги боюнча, техника илимдеринин кандидаты Атамкулова Мушарапга информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу адистиги боюнча берилди.

Аталган илимпоз окутуучулар 25-35 жылдан бери педагогикалык кесипти аркалайт, элүүгө жакын илимий эмгектердин автору жана бир канча автордук патенттерге ээ.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер