ОШТУГА КЫТАЙДАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

  • 06.07.2023
  • 0

Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Пекин университетинин профессору Ву Цзевэй жетекчилигиндеги жогорку даражадагы жоон топ делегация келди.  

ОШТУГА КЫТАЙДАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Делегациянын максаты билим берүү жана илим тармагында кызматташуу, темир жол үчүн кадрларды даярдоо, “Кыргыз жер семирткичтер заводу” үчүн адистерди даярдоо боюнча биргелешкен иштерди алып баруу болуп саналат.

Жолугушууда кызматташуунун бардык тармагы боюнча пикир алышып, макулдашуулар жүрдү. Коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен да таанышып чыгышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев менен Шицзячжуан мектебинин директору Чжунхе Юрэнь “Мастерская Лу бань” кыргыз долбоорунун алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору үчүн темир жолдогу вагондорду тейлөө боюнча адистерди даярдоо, компьютердик тиркемелер боюнча адистерди даярдоо, барабандын иштеши жана грануляциялык жабдуулардагы барабандын иштеши боюнча адистерди даярдоо боюнча келишимге кол койду.

ОШТУГА КЫТАЙДАН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Иш-чарага ОшТУнун жетекчилиги, КР Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З.Тургунбаев жана башкы адиси А.Адышева, Ош шаарынын мэриясынын тышкы саясат жана аналитика башкармалыгынын башчысы М.Исраилов жана тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.Н.Орозалиев, белгилүү коомдук ишмер А.Бекматов ж.б. катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер