ОШТУДА ЖОЖДОР АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

  • 28.11.2023
  • 0

“Интеллект өнүктүрүү” борбору жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларды болтурбоо жана адамдар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында Ош технологиялык университетинде Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында интеллектуалдык оюндун үчүнчү этабын өткөрдү.

ОШТУДА ЖОЖДОР АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

Командалар берилген суроолорго жооп беришип, конкурстун шартына ылайык талаптарды аткарышты. Мында негизинен жаштар арасында орун алып жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, аларды чечүүнүн жолдору жана учурдун талабына ылайык билим берүүгө арналган суроолор берилди.

ОШТУДА ЖОЖДОР АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

Оюндун жыйынтыгында биринчи орунду Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын №40 Бектемир Азизов атындагы орто мектебинин “Grey” командасы, экинчи орунду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Фальцет” командасы, ал эми үчүнчү орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Билим” командасы камсыз кылды. Жеңүүчү командалар дипломдор, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер