ОШТУДА ОКУТУУЧУЛАР СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

  • 16.01.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, факультеттер жана структуралык бөлүмдөр ортосунда спорттун 9 түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында спартакиада башталды. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.

Волейбол, стритбол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо, кичи футбол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана институт, колледжден 10 команда катышууда.

ОШТУДА ОКУТУУЧУЛАР СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

 

Спорттук иш-чара жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин жана кесиптик бирликтин демөөрчүлүгү астында окутуучулар арасындагы достукту, ынтымактыкты бекемдөө, дени сак жашоо образын түзүүгө үндөө жана өз элинин патриоту болууга чакыруу максатында уюштурулуп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер