ОШТУДА НУМИЗМАТИКАЛЫК МОНЕТАЛАРДЫН КӨРГӨЗМӨСҮ БОЛДУ

  • 02.03.2022
  • 0

КР Улуттук банкы жана Ош технологиялык университети Улуттук банктын 30 жылдыгына арналган нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду.

ОШТУДА НУМИЗМАТИКАЛЫК МОНЕТАЛАРДЫН КӨРГӨЗМӨСҮ БОЛДУ

Мында ар бир даталуу күндөргө жана атактуу инсандардын мааракелерине арналып чыгарылган тыйындардын коллекциялары коюлду. Алтын жана күмүш куймалары, ар бир улуттук буюмдарга, чыгармаларга арналып чыгарылган, ар кандай формадагы жез куймалары болду. Көргөзмөгө катышкандар кыргыздын улуттук колоритинде чыгарылган ар кандай алтын жана күмүштөрдүн, тыйындардын жасалгаларына күбө болушту.

Көргөзмөгө коюлган буюмдардан каалоочулар сатып алышты. Бул иш-чарага улай эле Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге лекция окуп, акча тууралуу бардык маалыматтар, алардын өнүгүү тарыхы, сактоо жолдору, жүгүртүү системалары жана башка акчага байланышкан көптөгөн маселелердин тегерегинде маалыматтар айтылды.

Улуттук банк жыл сайын Ош технологиялык университети менен биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. ОшТУ Кыргызстандын түштүк аймагында биринчилерден болуп экономика багытындагы адистерди даярдап баштаган. Бүгүнкү күндө дагы университеттеги экономика жана башкаруу факультети аталган багытта адистерди даярдоону улантып жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер