ОШТУДА КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

  • 22.02.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте студенттердин катышуусунда коррупцияга байланышкан маселелер боюнча атайын жыйын өткөрүлдү.

ОШТУДА КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Жыйын Гуманитардык-технологиялык колледжинин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду.

— Жаштар коомдун маанилүү бир бөлүгү болгондуктан, ар кандай жакшы жана жаман иштер булардын арасында көбүрөөк жасалаары анык. Ошондуктан учурдагы кыргыз коомчулугундагы коорупцияга каршы күрөшүү боюнча активдүү иштер жүрүп жаткан мезгилде жаштарды дагы коорупциянын болушу, келечекке болгон терс таасири, адамдар арасындагы алдамчылык сыяктуу көрүнүштөрдөн оолак болууга чакыруу талапка ылайык көрүнүш болуп саналат. Мындан сырткары, биздин университетте жыл сайын салтка айланган студенттердин арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мында окуу жайдагы окутуучу менен студенттердин ортосундагы ар кандай пара алуу, талап кылуу жана пара берүү боюнча ар кандай көрүнүштөр орун алгандыгы байкалса дароо тиешелүү кызматтарга билдирүү, анын алдын алуу жана болтурбоо сыяктуу иш-чаралар уюштурулат. Бир жумага созулган сурамжылоонун жыйынтыгы чыгып, укук коргоо органдарынын катышуусунда ал боюнча протоколдор түзүлүп, комиссия тарабынан кол коюлду, — дейт Гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Саадалов Төлөнбай.  

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер