ОШТУДА ДЕБАТ ТУРНИРИ БОЛУП ӨТТҮ

  • 24.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин жана Орхус маалымат борборунун биргелешкен иш-планынын негизинде Ош шаарынын төрт жогорку окуу жайы арасында дебат турнири өткөрүлдү. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган иш-чара жаштардын потенциалын, билим деңгээлин жогорулатуу жана аларды ар тараптан өнүктүрүү максатында уюштурулду. Жаштардын жөндөмүн арттырган бул маанилүү иш-чарага Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж.Жусупбеков, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана студенттер катышышты.

ОШТУДА ДЕБАТ ТУРНИРИ БОЛУП ӨТТҮ

ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов дебаттын катышуучуларына ийгилик каалап, жаштарды креативдүүлүккө жана жаратмандыкка умтулууга чакырды.

Жыйынтыгында биринчи орунду ОшМУнун “Биосфера” командасы, экинчи орунду ОшМПУнун “Табият” командасы, ал эми үчүнчү орунду Ю.А.Гагарин мектеп-гимназиясынын «Eco tame» командасы ээледи.

Жеңүүчү командалар Ардак грамоталар акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер