ОШТУ “СУЛАЙМАН-ТОО” МУЗЕЙИНДЕГИ КӨРГӨЗМӨГӨ КАТЫШТЫ
- 19.05.2025
- 0
Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин коомдук илимдер предметтик-циклдик бирикмесинин окутуучулары жана студенттери Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде өткөн ачык көргөзмөгө активдүү катышты.
Окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдагандай, 18-май — Эл аралык музей күнүнө карата уюштурулган бул көргөзмөнүн базасын Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгына арналган фото-документалдык көргөзмө түзгөн.
Аны уюштуруучулар аталган иш-чара студенттер үчүн тарыхый жана маданий мурастар менен терең таанышууга, ошондой эле улуттук баалуулуктарды даңазалоого чоң мүмкүнчүлүк жаратканын белгилешти.
Бөлүшүү
Комментарийлер