ОШТУ МЕНЕН ЯПОНИЯНЫН КЫЗМАТТАШТЫК ЖАҢЫ БАРАГЫ

  • 20.05.2026
  • 0

Ош технологиялык университетине Япониядан Сока Гаккай Интернэшнл уюмунун расмий делегациясы иш сапары менен келди. Иш сапардын максаты – билим берүү, илим жана маданият жаатында эл аралык байланыштарды кеңейтүү.

Делегациянын курамында Сока Гаккайдын тышкы байланыштар башкармалыгынын директорунун орун басары Хадзимэ Мидзусима, тышкы байланыштар бөлүмүн башчысынын орун басары Юсукэ Вакабаяси жана котормочу адиси Сатиэ Митигути бар.

Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Ж.Турсунбаев тосуп алып, тараптар студенттер алмашуу, илимий долбоорлор жана маданий алмашуу боюнча кызматташууну талкуулашты.

Андан соң “Маданияттар аралык диалог – тынчтык жана түшүнүшүүнүн көпүрөсү” аттуу эл аралык тегерек стол өттү. Анда профессор К.Зулпукаров, профессор М.Атакулова, доцент Б.Жаныбекова жана делегациянын өкүлдөрү баяндама жасашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Сока Гаккай Интернэшнл ОшТУнун китепканасына Дайсаку Икеда менен Ч. Айтматовдун биргелешкен эмгектерин, ошондой эле япон классик жазуучуларынын төрт тилдеги китептерин белекке тапшырды. Бул китептер студенттер менен окутуучулар үчүн маанилүү илимий булак болот.

Бул жолугушуу ОшТУнун эл аралык аренадагы ордун бекемдөө жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу багытында маанилүү кадам болду.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер