ОШТУ КЫТАЙДА ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧТЫ

  • 09.01.2024
  • 0

Ош технологиялык университети Кытай Эл Республикасынын Хэнань, Шаньдун провинцияларында расмий Өкүлчүлүктөрүн ачты. Ачылуу жыйынына ОшТУнун делегациясы жана Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, Кытайдагы өнөктөштөр жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.ОШТУ КЫТАЙДА ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧТЫ

Бул иш-чаранын ачылуу салтанатында ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев сөз сүйлөп, анда бул Өкүлчүлүктөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, окуу жайыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө, инвестиция үчүн жаңы платформалардын жаралаарына ишеним артаарын баса белгиледи, ошондой эле ОшТУнун эл аралык кызматташтыгында артыкчылыктуу багыттар, Кытай өлкөсүнөн келчү студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, академиялык мобилдүүлүктөргө болгон басым, эл аралык биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору туурасында кеңири айтып өттү. Белгилей кетсек, учурда Кытайдагы Хэнань провинциясында 99,3 млн., Шаньдун провинциясында 101,5 млн. калк жашайт.

ОШТУ КЫТАЙДА ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧТЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер