ОшТУ АЗЕРБАЙЖАН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 24.10.2022
  • 0

ОшТУ АЗЕРБАЙЖАН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Ош технологиялык университети менен Азербайджан технологиялык университетинин ортосунда кызматташуу боюнча онлайн жолугушуу болду.

Эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызматташуунун стратегияларын биргеликте иштеп чыгуу, профессордук-окутуучулар курамы арасында тажрыйба алмашууларды колго алуу, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу, биргелешкен эл аралык илимий журнал ачуу, илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү туурасында маселелер талкууланып, тыгыз кызматташууга токтолушту.

ОшТУ АЗЕРБАЙЖАН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТЖолугушууга ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору, доцент А.Акматалиев, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы, доцент З.Тешебаева, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Т.Абдирасул кызы, Азербайджан технологиялык университетинин проректору М.Гулалиев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн өкүлдөрү – Р.Халилова, Н.Исмаилзаде катышты. Иш-чара ОшТУнун демилгеси менен уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер