ОШТО «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2023» ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТТҮ

  • 14.06.2023
  • 0

Ош шаарында «Жылдын мыкты мугалими2023» сынагынын облустук баскычы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук билим берүү институтунан маалымдашты.ОШТО «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2023» ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТТҮ

Сынактын буга чейинки баскычтарынан өтүп келген 15 финалист жобого ылайык үч этаптан турган сыноо аркылуу тандалган. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар сынактык сабактарды, өздүк презентацияларын жана мастер класс көрсөтүштү.ОШТО «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2023» ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТТҮ

Катышуучулар «Жылдын мыкты мугалими», «Педагогикалык дебют» жана «Эң мыктынын мыктысы» номинациялары боюнча күч сынашты. Натыйжада «Жылдын мыкты мугалими» номинациясы боюнча 1-орунга — Айпери Кеңеш кызы (Ноокат району), 2-орунга — Манас Жалилов (Араван району) жана 3-орунга Сабира Исмаилова (Алай району) ээ болду.

«Педагогикалык дебют» номинациясы боюнча 1-орун — Адилет Айтматовго (Ноокат району), 2-орун — Бексултан Төлөнбай уулуна (Өзгөн району) жана 3-орун Давыт Эргешбай уулуна (Кара-Кулжа району) ыйгарылды.

Ал эми «Эң мыктынын мыктысы» номинациясы боюнча 1-орунду Алтынай Тажикова (Кара-Кулжа району), 2-орунду Жумасия Алтынбек кызы (Өзгөн району), 3-орунду Айчүрөк Асанбаева (Чоң-Алай району) ээледи.ОШТО «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2023» ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТТҮ

Сынактын облустук баскычынын жабылуу аземине КР Президентинин Ош облусу боюнча толук ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева, Билим берүү кызматкерлеринин Ош облусу боюнча кесиптик кошуунунун төрагасы Сабыр Тойгонбаев жана Оштогу жогорку окуу жайлардан өкүлдөрү катышып, финалисттерге ыраазычылык баракчаларын жана баалуу белектерин тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер