ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 04.03.2020
  • 0

2020-жылдын 27-28-февраль күндөрү Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектеп лицейинин базасында республикалык олимпиаданын III (регионалдык) баскычы болуп өттү. Олимпиаданын бул баскычына Ош шаарындагы мектептерден жалпы 144 окуучу, алардын эмгегин так жана калыс баалоо үчүн 51 кишиден турган комиссиянын курамы, 9 кишиден турган уюштуруу тобу, ошондой эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ЦООМОнун) өкүлдөрү катышышты.

ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын методикалык борборунун башчысы Тынчтык Бекташ уулунун берген маалыматына таянсак, олимпиада эртең менен ачылыш аземи, тапшырмалардын кутучасын ачуу менен башталып, өз учурунда аяктады.

ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Олимпиада учурунда көзөмөлчүлөрдүн тобу уюштурулуп, ага ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Бул баскычта 1-2-орунду алып, 2020-жылдын 28-29-март күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү IV (республикалык) баскычка жолдомо алган окуучулар азыркы учурда Ош шаарынын намысын коргоо үчүн кызуу даярданып жаткан учуру, — дейт Т.Бекташ уулу.

ОШТО ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Олимпиаданын IV (республикалык) баскычына «Сема» лицейинен жети, «Курманжан Датка» лицейинен төрт, «Олимп» мектеп гимназиясынан үч, №52 «Кыргыз-түрк достугу» лицейинен үч, №20 И. Раззаков мектеп гимназиясынан эки, «Ага-Хан» мектебинен эки, №18 А.Навои мектеп лицейинен эки, «Билим» лицейинен эки, «Кыргызстан» мектебинен, «Ыйман» лицейинен, «Мээрим» билим берүү борборунан жана №50, №27, №14, №3, №40, №21, №6, №7, №32, №16, №26 мектептерден бирден окуучу жолдомо алды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер