ОШТО МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 18.10.2018
  • 0

Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясында «Мектеп менен жогорку окуу жайлардын мугалимди даярдоо боюнча биргелешкен иштерин уюштуруунун актуалдуу маселелери» аттуу темадагы тегерек стол өтүп, ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчулары, Ош мамлекеттик университетинин Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борборунун адистери жана аталган университеттин усулчулары катышты.

ОШТО МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарада Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Т.Досмуратов «Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүүнү уюштуруунун сапатын жогорулатуу» деген темада баяндама жасап, бул жаатта Ош мамлекеттик университети менен мындан аркы кызматташууну күчөтүү боюнча бир катар сунуштарын айтты.

Мектеп менен педагогикалык ЖОЖдун кызматташтыгынын приоритеттүү багыттары боюнча өз оюн айткан ОшМУнун аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор М.Алтыбаева жаңы окуу стандарты боюнча бир топ көйгөйлөрдүн бар экендигине токтолуп өттү.

Ош мамлекеттик университетинин Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.Батыралиев ЖОЖ менен мектептин болочок мугалимди даярдоодогу илимий-методикалык иштеринин багыттары боюнча кеңири маалымат берип, окуу программаларындагы айрым маселелерди ортого салды.

Тегерек стол жарыш сөздөр менен уланып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен Ош мамлекеттик университетинин мугалимди даярдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүүгө багытталган планынын долбоору түзүлдү.

Буга чейин №18 А.Навои атындагы мектебинин базасында Ош мамлекеттик университетинин мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча инновациялык каанасы уюштурулуп, ага координатор катары аталган университеттин Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борборунун окуу-методикалык кеңешинин төрайымы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Жутанова дайындалган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер