ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ «АЛТЫН УЯ» ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАЛДАР ҮЙҮНӨН КАБАР АЛЫШТЫ

  • 06.12.2017
  • 0

ОшМУнун жаштар комитети,  ыктыярчылары, Таланттар академиясы, студенттик акыйкатчы аппараты декабрь айынын башында университетте  «Студенттерден балдарга» аттуу кайрымдуулук акциясын уюштурушту.

Акция учурунда кайрымдуу жаштардан балдарга кийим-кече, жумшак оюнчуктар топтолду, ошондой эле топтолгон каражаттарга балдардын билим алуусу үчүн зарыл болгон кеңсе буюмдары алынды.

2-декабрда акциянын катышуучулары Ош шаарындагы «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнөн кабар алышып, белектерин тапшырып, Таланттар академиясынын таланттары концерттик программа тартуулашты. Кубанычтары койнуна батпаган балдар үйүнүн тарбиялануучулары студенттер менен чогуу ырдап-бийлешти.

«Жаштардын балдарга кайрымдуу болуп, алар менен аралашып, пикир алышышы, маанайларын көтөрүшү балдарга дем берип, жашоого шыктандырып турат. Ош мамлекеттик университетинин түрдүү факультеттеринин студенттери жыл бою ушинтип кабар алып турушат. Кайрымдуу жаштарыбыз аман болушсун», —  деди балдар үйүнүнү директору Тамара Токтомаметова.

Бөлүшүү

Комментарийлер