ОШМУНУН РЕКТОРУ БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
- 02.06.2020
- 0
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен биргеликте Ош шаарындагы “Боорукердик” үй-интернатынан кабар алды. Калаа башчысы менен биргеликте окуу жайдын ректору балдарды майрамы менен куттуктап, белек-бечкекттерди тапшырды.
Ошол эле күнү шаар тургундары бир туугандар Нурманжановдордон кабар алып, университеттин эмгек жамаатынын атынан балдарды коргоо күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды.
Бөлүшүү
Комментарийлер