ОШМУНУН  ОРДИНАТОРЛОРУ РОССИЯДА

  • 20.01.2022
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин үч ординатору декабрь айынан тартып Урал мамлекеттик медициналык университетинин клиникалык базаларынан тажрыйба алууда.

Хирургия багытында билимин тереңдетип жаткан 2-курстун ординатору Усөн уулу Данияр: “Орусиянын Свердловск областтык №1  клиникалык ооруканасында стажировкадан өтүп жатам. Мени оорукананын жамааты жылуу тосуп алышты. Күн сайын орусиялык мыкты адистерден сабак алып,  билимимди тереңдетип жатам. Окуумду аяктап, мыкты хирургдардын катарын толуктарыма ишенем”, — дейт.

Ал эми Айчүрөк Азимова терапия бөлүмүндө стажировкадан өтүп жаткандыгын айтып, төмөнкүлөрдү белгиледи:  «Күн сайын мен өзүмө керектүү жаңы билим, тажрыйбаларды алып жатам. Терепия бөлүмүнүн башчысы оорулууларды кантип дарылоо керектиги боюнча мыкты кеңештерин берүүдө.  Бөлүм башчы менен биргеликте оорулуулардан кабар алып, дарылоо ыкмалары менен таанышып жатам”.

«Мен учурда ангиография кабинетинде лабораториянын башчысы Михаил Перминовдун жетекчилигинде тажрыйба алып жатам.  Ар жумада кафедра башчы Ольга Миняйлонун катышуусунда өткөн семинарларга катышам.  Менин адистигим аябай кызыктуу, бул багытта тажрыйба, билим алууга университеттин базасында баары бар экен”, — дейт 1-курстун ординатору Араббой Сулайманкулов.

Ординаторлор ушул жылдын май айына чейин Россияда болушат.

Бөлүшүү

Комментарийлер