ОШМУНУН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

  • 08.10.2018
  • 0

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамында Ош мамлекеттик университети Ош улуттук драма театрында  салтанаттуу кече уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөттү.

ОШМУНУН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Жыйынды окуу жайдын ректору Каныбек Исаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады. Ошондой эле бир жыл аралыгында университетте аткарылган иш-аракеттер, алдыдагы пландар боюнча презентация жасап, ардактуу кесип ээлерин шыктандырды.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата билим берүүдө өзгөчө эмгеги үчүн ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин доценти, б.и.к. Г.Садыкова, факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу М.Сариева, табият таануу жана география факультетинин доценти, б.и.к. А.Абдыкааров, бизнес жана менеджмент факультетинин доценти, э.и.к. Т.Исраилов, Медициналык колледжинин улук окутуучусу А.Эргешовалар Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланышса, университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна министрликтин Ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, КР Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн,  ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

ОШМУНУН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Салтанаттын жүрүшүндө 2017-2018-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйланды. Аталган сынакта “ОшМУнун мыкты окутуучу” конкурсунда 1-орунду ээлеген ТТжГФнин жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу Эдуард Буранов жана “ОшМУнун мыкты окуу-методикалык комплекси” конкурсунда 1-орунду ээлеген орус филологиясы факультетинин орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын доценти, ф.и.к., Джылдыз Тойчуева ОшМУнун сертификаты жана 15 миң сомдон акчалай сыйлыктары менен сыйланышса, 2-орунду ээлеген окутуучулар 8 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми тарбия иштерин стимулдаштыруучу сынакта “Жылдын мыкты куратору” наамын жана 3000 сом акчалай сыйлыгын кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти, п.и.к. М.Шарипова, “Жылдын мыкты тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары” наамын жана 5000 сом акчалай сылыгын медицина факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары А.Саттаров жеңип алышты.

Кеченин экинчи бөлүгүндө ОшМУнун Медицина колледжинин тилдер кафедрасынын чыгармачыл, таланттуу окутуучусу Жыпара Нуракованын мугалимдердин майрамына арналган “Мугалимге ыр десте” аталышындагы чыгармачылык кечеси тартууланды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер