ОШМУНУН МЫКТЫ ОКУТУУЧУЛАРЫ ДУБАЙДА ЭС АЛЫШАТ  

  • 07.10.2020
  • 0

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн  майрамдык салтанатта бир катар окутуучулар мамлекеттик жана университеттин сыйлыктарын алышып, жыл ичинде өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүлөрүнө Дубайга жолдомо тапшырылды.

ОШМУНУН МЫКТЫ ОКУТУУЧУЛАРЫ ДУБАЙДА ЭС АЛЫШАТ  

Иш-чарада алгач окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков эмгек жамаатты жылуу куттуктап, билим берүүдөгү өзгөчө эмгеги үчүн КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган медицина илимдеринин доктору, профессор Маматжан Арстанбековго сыйлыкты тапшырды. Ошондой эле оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан х.и.к., доцент Табалды Мамытовдун үзүрлүү эмгек жолуна токтолгон ректор Өкмөтүнүн Ардак грамотасын анын үй-бүлөсүнө тапшыра тургандыгын белгиледи.

ОШМУНУН МЫКТЫ ОКУТУУЧУЛАРЫ ДУБАЙДА ЭС АЛЫШАТ  

Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси Кыргыз-Кытай факультетинин деканы, улук окутуучу Токтосун Айтикеев,        табият таануу жана география экономикалык география  жана эл аралык туризм кафедрасынын башчысы,   г. и. к., доцент Калыбек Самиев, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин   № 2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын  практикалык курсу  кафедрасынын. доценти,    филол. и. к.  Фарида Алиева, орус филологиясы факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары ф. и. к., доцент Ыкыбал Темиркулова,     математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы  ф.-м.и.к., доцент Толкун Папиеваларга тапшырылды.

ОШМУНУН МЫКТЫ ОКУТУУЧУЛАРЫ ДУБАЙДА ЭС АЛЫШАТ  

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен математика жана информациялык технологиялар факультетинин математиканы, информатиканы окутуунун технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын доценти, п. и. к. Аида Келдибекова, дүйнөлүк тилдер факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары, ф.и.к.,  доцент Динара Суркеева, эл аралык мамлелер факультетинин аймак  таануу кафедрасынын  башчысы,  филос.и. к., доцент Кульсара Султанова, Финансы-юридикалык колледжинин финансы жана банк иши  кафедрасынын башчысы,  э. и. к., доцент Оёнбек Абдрахманов, табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биология дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу  кафедрасынын  улук окутуучусу         Жамила Абдиллаева, Индустриалдык–педагогикалык колледжинин директору, ф.и.к., доцент Олжобай Шаимкулов, медицина факультетинин деканынын илимий и штер боюнча орун басары доцент, м.и.к. Уулжан Шерматова, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин   кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Медергүл Табалдиевалар сыйланышты.

Ошондой эле майрамдык салтанатка карата окуу жайда көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын ичинен бир тобуна ОшМУнун Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

2019-2020-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр дагы сыйланды. “ОшМУнун мыкты лектору” конкурсунда 1-орунду ээлеген Индустриалдык-педагогикалык колледжинин техникалык адистиктер кафедрасынын окутуучусу Самарбек Мамаев диплом жана 40 000 сом (кырк миң сом) акчалай сыйлык Дубайга жолдомо менен сыйланды.

2-орунду ээлеген Орус филологиясы факультетинин чет тилдер жана маданият аралык байланыштар кафедрасынын профессору Венера Сабирова, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын доценти Самара Осмоновалар I даражадагы диплом жана 15 000 (он беш миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланышты. 3-орунду ээлеген Табият таануу жана география факультетинин экономикалык география жана эл аралык туризм кафедрасынын улук окутуучусу Динара Кеңешбаева II даражадагы диплом, Медициналык колледждин медайым ишинин негиздери кафедрасынын улук окутуучусу Нургул Шамшиева III даражадагы диплом менен сыйланды.

МИТ факультетинин информатика кафедрасынын улук окутуучусу Гулмира Шамшиева “Заманбап, чыгармачыл окутуучу” номинациясы менен сыйланса, Юридика факультетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын окутуучусу Чынгыз Сулайманов “Изденүүчү, чыгармачыл окутуучу” номинациясына ээ болду.

“ОшМУнун мыкты окутуучусу” конкурсунун жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин грамматикасы жана фонетикасы кафедрасынын улук окутуучусу Гулбарчын Эргешова сертификат жана 40 000 (кырк миң сом) акчалай сыйлык Дубайга жолдомо менен сыйланды.

2-орунду ээлеген Орус филологиясы факультетинин орус тилинин практикалык курсу жана кеп маданияты кафедрасынын окутуучусу Каныкей Боронова I даражадагы диплом жана 20 000 (жыйырма миң сом) акчалай сыйлык, 3-орунду ээлеген МИТ факультетинин программалоо кафедрасынын окутуучусу Гулбайра Омаралиева II даражадагы диплом жана 10 000 (он миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланды. Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин «Жалпы психология» кафедрасынын окутуучусу Эмил Сагынбаев III даражадагы диплом, Юридика факультетинин мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу Гулизат Арстанбаева “Жаш, жигердүү окутуучу”номинациясы, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу» кафедрасынын окутуучусу Мураталы Маманов “Жаш, жигердүү окутуучу” номинацияларына ээ болушту.

“ОшМУнун мыкты ОМКсы” конкурсунун жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген Эл аралык мамилелер факультетинин философия жана политология кафедрасынын доценти: Гулзат Аматова сертификат жана 10 000 (он миң сом) акчалай сыйлык, 2-орунду ээлеген Юридика факультетинин кылмыш, жаза укугу жана процесси кафедрасынын доценти Джамиля Асанбекова I даражадагы диплом жана 7 000 (жети миң сом) акчалай сыйлык, 3-орунду ээлеген МИТ факультетинин программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Назигай Абдирайимова II даражадагы диплом жана 4 000 (төрт миң сом) акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ал эми Чыгыш тануу жана тарых факультетинин «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Гулзада Жумашова III даражадагы диплом, Бизнес жана менеджмент факультетинин ишкананын экономикасы жана бизнести башкаруу кафедрасынын доценти Эльвира Саматова “ОМКны иштеп чыгууга уникалдуу мамиле” номинациясы менен, Медициналык колледждин табият таануу жана так илимдер кафедрасынын окутуучусу Адина Айдарбекова “ОМКны түзүүдө жогорку кесипкөйлүгү үчүн” номинациясы менен, Бизнес жана менеджмент факультетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын доценти Тимур Исраилов “Демилгелүүлүк жана педагогикалык таланты үчүн” номинациясы менен сыйланышты. Сыйлыкты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тапшырды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер