ОШМУНУН 14 СТУДЕНТИ  ЖУМХУРИЕТ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ОКУП ЖАТАТ

  • 29.09.2022
  • 0

2022-2023-окуу жылынын сентябрынан тарта ОшМУнун  медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият,  математика жана информациялык технологиялар, эл аралык  мамилелер  факультетинин тогуз студенти  күзгү семестрдеги окуусун Түркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университетинде улантууда.

Аталган окуу жайда буга чейин барып билим алып жаткан  эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин беш студентти да бар. Учурда жалпы 14 студент академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу билим алууда.

Медицина факультетинин студенттери окуу менен биргеликте аталган университеттин медициналык клиникасынан практикалык көндүмдөрүн калыптандырышат.

ОшМУ Жумхуриет университети менен «Эрасмус+» программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылы ОшМУнун ректору  Түркияга болгон иш сапарында Жумхуриет университети менен эки тараптуу кызматташуу келишимине  кол койгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер