ОШМУДА  ОКУТУУЧУЛАР  ҮЧҮН  “ТИЛ ҮЙРѲТҮҮ ЫКМАЛАРЫ” ОКУУ КУРСУ БАШТАЛДЫ

  • 31.01.2022
  • 0

ОшМУга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен келген алты окутуучу 31-январда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Анда  эки окуу жай ортосунда ишке ашып келе жаткан кызматташтыктар, алдыдагы пландар боюнча сөз болду. Эки окуу жайдын тилди  деңгээлдик-тутумдук  негизде окутуу багытында усулдук жактан тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Иш-чара  окуу жайдын жыйындар залында жолугушуу менен уланды. ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору Мастурахан Шарипова окуу жайда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча баяндады. Делегацияны жетектеп келген  Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинин чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканова окуу жайдагы  тил үйрөтүү системасы боюнча жалпы маалымат берди.

Делегация ОшМУда төрт күн болот. Бул аралыкта кыргыз тили жана адабияты, англис тили, орус тили предметинин окутуучулары тилди деңгээлдеп окутуу ыкмаларын үйрөтүү багытындагы окуу курсунан өтүшөт. Жыйынтыгында мыкты өздөштүргөн окутуучуларга сертификат ыйгарылат.

Окуу курсун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинипн №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы уюштурган.

ОшМУ менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2021-жылдын 7-июнунда эки тараптуу кызматташуу багытында кол койгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер