ОШМУДА 1-КУРСТАР ҮЧҮН АДАПТАЦИЯЛЫК ЖУМАЛЫК БАШТАЛДЫ
- 27.08.2020
- 0
Ош мамлекеттик университетине 1-курска кабыл алынган студенттерге онлайн адаптациялык дарстар өтүлүп жатат.
Окуу жайга жаңы кабыл алынган студенттерге Ош мамлекеттик университети, билим алууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, окуу процессинин уюштурулушу жана жүрүшү, онлайн окутуунун уюштурулушу боюнча проректорлор маалымат берип жатат. Факультет, колледждердин окутуучулары адаптациялык жумалыкты өткөрүү графигине ылайык студенттердин онлайн дарска катышуусун камсыз кылууда.
Пандемия шартында белгисиз мөөнөткө чейин онлайн билим берүү ишке ашырыла тургандыгын эске алуу менен университет буга чейин түзүлүп, пландалган иш-чарага ылайык иштеп жатат.
2020-2021-окуу жылында 27-августка карата ОшМУда билим алуу үчүн документтерин тапшырып, тастыктаган студенттердин саны 10 000ге жетти.
Университетте учурда эки институт, 20 факультет, алты орто кесиптик билим берүүчү колледж, эки академия, алты мектеп-гимназия, эки окуу борбору бар.
Комментарийлер