ОШМУ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛГОН СТУДЕНТТЕРИ

  • 19.12.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда  2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентке  Президенттик “Үмүт” стипендиясын тапшырды.

ОШМУ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛГОН СТУДЕНТТЕРИ

Стипендия алган студенттердин арасында Ош мамлекеттик университетинин төрт студенти: табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенти Жыргалбек уулу Амантур, педагогика жана психология факультетинин студенти Акылай Тилебалдыева, дүйнөлүк тилдер жана маданияты  факультетинин  студенттери Акбермет Орунбаева жана  Асел Сагындыкова да бар.

Жеңүүчүлөр  ОшМУ студенттери арасында 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен Президенттик стипендияга талапкерлерди аныктоо боюнча университеттик тандоо турунун жыйынтыгы менен тандалып алынды. Суденттердин окуудагы, илимдери, спорттогу жана коомдук, социалдык иштердеги мыкты жетишкендиктери каралды.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер