ОШМУ КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫ  

  • 05.12.2018
  • 0

Кытай Эл Республикасынын Сычуан провинциясынын борбору Чэнду шаарында Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институттарынын жыл жыйынтыгын чыгарган 13-конференциясына ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ОшМУнун Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев катышууда.

Анда ректор тарабынан ОшМУнун Конфуций институтунун беш жылдыгына  байланыштуу жаңы долбоорлор,  жаңы  перспективалар сунуш кылынды. Ошондой эле Ханьбань штаб квартирасынын Борбордук Азия  бөлүмүнүн башчысы У Тун  менен жолугуп, университеттеги Конфуций институту жана  Кыргыз-Кытай факультетинин базасын кенейтүү, Кыргыз-Кытай институтун ачуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Конференцияга Кытай Эл Республикасынын вице-премьери Сун  Чунлан,  Билим берүү министри жана дүйнөдөгү 580ден ашуун университеттердин ректорлору катышууда. Эскерте сала  кетсек, өткөн жылкы 12-конференцияда ОшМУнун Конфуций институту эң мыкты  деп таанылып,  ОшМУнун ректору К. Исаков  алтын медаль менен сыйланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер