ОШМУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

  • 11.06.2018
  • 1

2018-жылдын 18-майында эл аралык НААР агенттиги (Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги, Казакстан) билим берүүнүн багыттары боюнча Кыргызстандагы университеттердин улуттук рейтингин чыгарды.

ОШМУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

Рейтинг билим берүүнүн сапаттык талаптарына ылайык чыгарылды.

Ош мамлекеттик университети билим берүүнүн 7 багыты боюнча 1-орунга ээ болду. Алар: Гуманитардык илимдер, Социалдык илимдер, Педагогикалык билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Экономика жана башкаруу, Энергетика жана электротехника, Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары.

Билим берүүнүн 2 багыты боюнча 2-орунга ээ болду. Алар: Табигый илимдер, Физика-математика жана фундаменталдык информатика багыттары.

Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттигинин баасы боюнча басымдуу багыттар боюнча ОшМУ Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн лидери боло алды. (сертификаттардын сүрөтү)

Эл аралык билим берүүнүн үлгүлөрүнө умтулууда

Рейтинг “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдордун ранжирлөө методологиясында” берилген ачык-айкындуулук, обүективдүүлүк, текшерүү мүмкүнчүлүгү жана маалымат булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ылайык төмөнкү коомдук көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

  • Абитуриенттердин ЖРТ баллдарынын орточо көрсөткүчү;
  • «Алтын сертификатынын» ээлеринин болуусу;
  • Чет элдик студенттердин катыштыгы;
  • КРдин атуулдук, мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары;
  • КРдин ББжИМинин илимий гранттарынын жетекчилери;
  • Ойлоп табуулардын жана патенттердин ээлери,
  • Хирша индекси (Web of science, Scopus) менен өлчөнүүчү макалалардын болуусу.

Салттуу тажрыйба менен инновация айкалышы…

ОШМУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

80 жылдык бай тажрыйба жана заманбап инновация менен ширелишкен Ош мамлекеттик университети бүтүрүүчүлөрдү билим дүйнөсүнө чакырат!

Сүйүктүү абитуриент! Сиз тандап жаткан Ош мамлекеттик университети билим берүүдө жаңы технологияларды өздөштүрүп, билим берүү инфраструктурасын өркүндөтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн 2017-жылдын 30-августунда Ош мамлекеттик университети «Данк» ордени менен сыйланды. («Данк» ордени сүрөт)

ОшМУ – ачык университет

Ош мамлекеттик университети 2012-жылдан абитуриенттерди кабыл алууну  Республикада биринчи болуп он-лайн режиминде интернетке жайгаштырган ачык-айкын университет.

Университетте автоматташтырылган окуу системасы киргизилген. Ар бир студенттин ийгилигин, кыймылын, рейтингин, катышуу, жетишүү, сапаттык көрсөткүчүн ачык көрүүгө болот. Ар бир окутуучунун ишмердүүлүгү да толук түрдө коомчулуктун талдоосуна коюлган.

Учурда университетте чоң Datacenter түзүлүп, бардык маалыматтар “Булуттук” технология аркылуу ишке ашып, өнүгүп жатат. Университеттин окуу корпустарына видеокөзөмөлдөр орнотулуп, “Кампустук карта”, “Бирдиктүү терезе” жана “Антиплагиат” системалары иштеп жатат. ОшМУ – мындай комплекстүү иш аракеттери менен коомчулуктун Ачык университет деген баасына татыды. (Дата борбор сүрөт)

Студенттердин билими реалдуу бааланат

Студенттердин билимин,   эмгегин, даярдыгын туура баалоо үчүн университетте толук шарттар жаралган. Бул багыттагы 20 көз карандысыз тестирлөө борборлору түзүлгөн. Студенттер билимине жараша реалдуу бааларын алууда. Сессия учурунда окутуучу менен студенттин ортосунда контакт болбойт.

Университет – кластер

ОшМУда үзгүлтүксүз билим берүүнүн универсалдуу кластери түзүлгөн. Бала бакча – гимназия – колледж – бакалавриат – магистратура – ординатура – интернатура – аспирантура — доктарантура сыяктуу билим берүү баскычтары ар тараптуу адистерди даярдаган кластерге бириккен. Булар ар түрдүү багыттар боюнча бир максатка баш кошкон структуралар болуп саналат. Анткени ОшМУда 6 гимназия, 4 колледж, 2 институт, 2 академия, 18 факультет, магистратура, ординатура жана докторантура бөлүмдөрү бири-бирин толуктап, бири-бири менен эриш-аркак үзүрлүү иштеп жатат. Адам өмүр бою билим алууга шарттар түзүлгөн.

Эл аралык аккредитация – сапаттын кепилдиги

Жогорку билим берүүнүн сапатын, деңгээлин, мазмунун жана формасын дүйнөлүк стандарттарга теңөө үчүн эл аралык аккредитациянын критерийлерине ылайык тынымсыз изденүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатат.

ОшМУда бардык деңгээлдеги адистиктер эл аралык көз карандысыз аккредитациядан өттү жана өтүп жатат.

Академиялык мобилдүүлүк – ааламга жол ачат

ОШМУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

Ош мамлекеттик университети студенттердин жана окутуучулардын ички мобилдүүлүгүн арттыруу үчүн 2016-жылы Кыргызстандагы регионалдык ЖОЖдордун “Ош декларациясын” түзүүгө демилгечи болгон. Бүгүн бул демилге кыялдан реалдуулукка айланды. Ага мүчө болгон ОшМУ, ОГПИ, ЫМУ, ТалМУ, НМУ, ЖаМУ, БатМУ университеттеринин 500дөн ашуун студенттери академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышат.

Ошондой эле Ош МУда жыл сайын 1500дөн ашуун студенттер, 300дөн ашуун окутуучулар Европанын Германия, Чехия, Испания, Франция, Швеция, Венгрия, Эстония, Италия, Россия, Азиянын Кытай, Япония, Корея, Туркия, Индия жана Американын университеттеринен тынымсыз сырткы академиялык мобилдүүлүктөн өтүп, тажрыйба алмашып келишүүдө.

ОшМУ — дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине камыр-жумур аралашып, сапаттуу билимге умтулган университет. (сүрөт)

Жаратман, жаңыланган  – университет

ОШМУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

Университеттин билим берүү инфраструктурасын түзүү менен окутуучулардын терең билим берүүсүнө, студенттердин татыктуу тарбия алуусуна жетишүү үчүн акыркы 3 жылда 5 млн. доллардан ашуун инвестициялар тартылды.

Университеттин ички эсебинен жана тартылган инвестициялардын натыйжасында 9 жаңы окуу корпусу, 2 жатакана, 1 спорт комплекс, 2 клиника акыркы үч жылда курулуп, пайдаланууга берилди.

Гимназиялар терең билим, бийик адамгерчиликке үйрөтөт

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош МУда бир топ иш аракеттер жүрүүдө. Алардын катарында  региондордогу билим берүүнү көтөрүү максатын көздөп Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат райондорунда Ош МУнун мектеп-гимназияларын ачуу үчүн тиешелүү айыл өкмөт, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен атайын келишимдерге кол коюлган.

Аталган мектеп-гимназиялар заманбап билим менен улуттук таалим-тарбияга, бийик адамгерчиликке басым жасайт.

 

Окутуучу профессорлордун, кызматкерлердин шарттары жакшырды

Ош МУда эмгек акы соңку 7 жыл аралыгында 7 ирет жогорулатылды.

Жыл сайын ички мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануунун негизинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессорлорго жана көмөкчү кызматкерлерге, чарба кызматкерлеринее айлык акылар ырааттуу түрдө жогорулатылып келүүдө. 120дан ашуун окутуучу-кызматкерлер ипотекалык негизде турак-жай менен камсыз болду.

Жыйынтыгында айлык акылардын көлөмү жагынан ОшМУ Кыргызстандагы Ата Мекендик окуу жайлардын эң алдыңкы сабында турат.

Алдыңкы студенттер алкоого алынат

ОШМУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

Ар жыл сайын университетте окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, илимий багыттагы ишмердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы менен айырмаланган мыкты студенттерибиз Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үмүт» стипендиясын алышат.

Ошондой эле 5 студентибиз айына 100 доллар өлчөмүндө атуулдук стипендия алышса (5 жылдан бери 25 студент бул стипендияны алышты. Бул стипендияны университеттеги бир профессорубуз өзүнүн жеке фондунан берет), 25 студент 3 000 сом өлчөмүндө Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясын алышат.

Олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, универсиадалардын жеңүүчүлөрүнө да атайын акчалай сыйлыктар берилет.

Ош МУда студенттер өз мүмкүнчүлүктөрүн реализациялоо үчүн — илим, техника, билим, маданият, спорт багытында кеңири шарттар түзүлгөн!

 

 Өндүрүштүк университет түзүлүүдө

ОШМУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

Ош мамлекеттик университети ар бир факультетте өндүрүш ишканаларын түзүүнү баштап жатабыз. Искусство факультетинде дизайнер-стилистер үчүн тигүү ишканаларын ачтык. Ал эми медициналык факультетте медициналык жана стоматологиялык клиникаларды ачтык. Ар бир факультетте адистиктин багытына жараша окутуучулар жана студенттер теориялык билимин өндүрүштө жана практикада айкалыштыруучу ишкердик обьектилерди түзөбүз. Ал өндүрүштүк чакан же орто ишканалар окутуучулардын жана студенттердин кесиптик көндүмдөрүн арттыруу менен ой-жүгүртүүсүнөн, фантазиясынан, чыгармачылыгынан келип чыккан ойлорду реалдуулукка айландырып, элге, мамлекетке бериши керек.

Адамдар университеттерге жаңы идеялар үчүн, жаратмандык касиети үчүн келишет. Берилип жаткан билимдер турмуш үчүн, адамдар үчүн, жашоо үчүн, мамлекет үчүн пайдалуу.

ОшМУ өндүрүштүк университетти түзүү жолунда.

Ош мамлекеттик университети тууралуу толук маалымат www.oshsu.kg  сайтында.

 

Ош мамлекеттик университети 2018-2019 окуу жылына
төмөнкү багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди
кабыл алууну жарыялайт:

 

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, тарых)

— Кыргыз тили жана адабияты;

— Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил;

— Өзбек тили жана адабияты

  1. Журналистика (негизги тест, тарых же англис тили)

 

ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, тарых)

— Орус тили жана адабияты.

531100 Лингвистика (негизги тест)

— Котормо жана котормо таануу;

— Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.

  1. 5303 Психология (негизги тест)

 

ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: (негизги тест, англис тили)

Англис тили, немец тили, француз тили

531100 Лингвистика (негизги тест, англис тили)

— Котормо жана котормо таануу;

531300 Маданият таануу (негизги тест)

 

ПЕДАГОГИКА ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Педагогика: (негизги тест, тарых же биология профилине жараша)

— Башталгыч билим берүү;

— Мектепке чейинки билим берүү;

— Дене тарбия.

  1. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Көркөм билим берүү: (ЖРТ милдеттүү эмес)

— Музыкалык искусство;

— Көркөм өнөр искусствосу.

  1. Эстраданын музыкалык өнөрү (ЖРТ милдеттүү эмес)
  2. 570400. Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны. (ЖРТ милдеттүү эмес)
  3. Костюм жана текстиль искусствосу (негизги тест, жөндөмдүүлүгүн сыноо)

 

ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Социалдык-экономикалык билим берүү — Тарых (негизги тест, тарых)

 

юридика факультети

  1. Юриспруденция (негизги тест, тарых)
  2. 5322 Укук коргоо иши (негизги тест)
  3. 530004. Бажы иши (негизги тест, математика)
  4. Социалдык иш (негизги тест)

 

Табият таануу жана география факультети

  1. Табигый-илимий билим берүү

— Биология; (негизги тест, биология)

— Химия; (негизги тест, химия)

— Химия–биология; (негизги тест, биология же химия)

— География; (негизги тест)

— Экология. (негизги тест, биология)

  1. Биология (негизги тест, биология же химия)
  2. Химия (негизги тест, химия же биология)
  3. География (негизги тест)
  4. Жаратылышты колдонуу жана экология (негизги тест)
  5. Туризм (негизги тест, тарых же англис тили)
  6. Ветеринария (негизги тест)
  7. Агрономия (негизги тест)
  8. Колдонмо геодезия (негизги тест)
  9. Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (негизги тест)

 

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү:

(негизги тест, математика же физика)

— Математика;

— Информатика.

510100 Математика (негизги тест, математика же физика)

510200 Колдонмо математика жана информатика (негизги тест, математика же физика)

  1. Колдонмо информатика (экономика аймагында)

(негизги тест, математика же физика)

  1. Информатика жана эсептөө техникасы:

(негизги тест, математика же физика)

— Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);

— Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).

  1. Информациялык системалар жана технологиялар:

(негизги тест, математика же физика)

— Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.

  1. Маалыматтык коопсуздук (негизги тест, математика же физика)
  2. Системалык анализ жана башкаруу (негизги тест, математика же физика)
  3. 531200. Компьютердик лингвистика (негизги тест, англис тили)

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (негизги тест)

 

 

ФИЗИКА – ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Физика-математикалык билим берүү — Физика

(негизги тест, математика же физика)

  1. Электроэнергетика жана электротехника

(негизги тест, физика же математика)

— Электр менен камсыздоо.

  1. Транспорттук жараяндардын технологиясы

(негизги тест, математика же физика)

  1. 610300. Агроинженерия (негизги тест)
  2. 630400. Нефти, газ иштери (негизги тест)
  3. 680200. Биотехникалык системалар жана технологиялар

(негизги тест, физика же биология)

 

Бизнес жана менеджмент факультети

  1. Экономика (негизги тест, математика):

— Финансы жана кредит;

— Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

— Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;

— Салык жана салык салуу;

— Экономикадагы математикалык методдор;

— Дүйнөлүк экономика (Кытай экономикасы).

  1. Менеджмент (негизги тест, математика)
  2. Бизнес информатика (негизги тест, математика)
  3. Бизнес жана башкаруу (негизги тест, математика)
  4. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (негизги тест, тарых)

 

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Эл аралык мамилелер (негизги тест, англис тили же тарых)
  2. Аймак таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
  3. Чыгыш таануу, африка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
  4. Саясат таануу (негизги тест)

 

Кыргыз-европа факультети

531700 Америка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

531800 Европа таануу (негизги тест, англис тили же тарых)

  1. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу (негизги тест, англис тили)
  2. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес (негизги тест, математика)
  3. Туризм: Эл аралык туризм (негизги тест, тарых же англис тили)
  4. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу: Саясат жана укук (негизги тест, тарых)
  5. Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук (негизги тест, тарых)

 

Кыргыз-кытай факультети

  1. Кытай таануу (негизги тест)
  2. Лингвистика (негизги тест): Котормо жана котормо таануу;

 

Медицина факультети

  1. Дарылоо иши (негизги тест, химия, биология)
  2. Педиатрия (негизги тест, химия, биология)
  3. Медициналык алдын алуу иши (негизги тест, химия, биология)
  4. Стоматология (негизги тест, химия, биология)
  5. Фармация (негизги тест, химия, биология)

 

ЭЛ аралык Медицина факультети

  1. Дарылоо иши

 

ТЕОЛОГИЯ факультети

  1. Теология (негизги тест)

 

АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК институту

  1. Дин таануу (негизги тест)

 

КИНО академиясы

(ЖРТ милдеттүү эмес)

  1. Актердук өнөр
  2. Режиссура (багыттар боюнча)
  3. Кинооператорлук

 

IT академия

(ЖРТ милдеттүү эмес)

IT технология адиси – окуу мөөнөтү 1 жыл (диплом алат)

Кошумча билим берүү:

  • Тармак администратору
  • Web технология
  • Робототехника
  • Программалоо

 

МАГИСТРАТУРА ЖАНА PhD ДОКТОРАНТУРА

Окуу мөөнөтү – 2 жыл;

510100 Математика

510200 Колдонмо математика жана информатика

510400 Физика

520100 Химия

520200 Биология

520400 География

530200 Саясат таануу

530500 Юриспруденция

531000 Филология

531100 Лингвистика

531500 Аймак таануу

531600 Теология

540200 Социалдык иш

550100 Табигый-илимий билим берүү

550200 Физика-математикалык билим берүү (Математика, Физика, Информатика)

550300 Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили ж-а адабияты; Орус тили ж-а адабияты; Чет тили;)

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (Тарых)

550600 Көркөм билим берүү (Музыкалык искусство; Көркөм өнөр искусствосу)

550700 Педагогика

570700 Костюм жана текстиль искусствосу

580100 Экономика

580200 Менеджмент

580700 Бизнес башкаруу

600200 Туризм

640200 Электроэнергетика жана электротехника

710100 Информатика жана эсептөө техникасы

710200 Информациялык системалар жана технологиялар

710300 Колдонмо информатика

Билим берүүнүн менеджменти

 

Финансы – юридикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. 030503. Укук таануу
  2. Экономика жана бухгалтердик эсеп
  3. Финансы
  4. Салык жана салык салуу
  5. Банк иши
  6. Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертөө
  7. Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС)

 

Индустриалдык-педагогикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

050709 Башталгыч класстарда билим берүү;

050704 Мектепке чейинки билим берүү;

040101 Социалдык иш.

 

ОшМУнун медициналык колледжи

(11-класстын базасында)

  1. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматологиясы 2 жыл 10 ай
  5. Фармация          2 жыл 10 ай
  6. Лабораториялык диагностика 2 жыл 10 ай

 

ОшМУнун Өзгөндөгү эл аралык медициналык колледжи

(11-класстын базасында)

  1. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматологиясы 2 жыл 10 ай
  5. Фармация          2 жыл 10 ай

 

“БИЛИМ” лицейи

  • 8-9-10-11-класстар;

 

“ыйман” гимназиясы

  • 8-9-10-11-класстар;

 

“АДИС” окуу борбору

(окуу курстарынын мөөнөтү 1-5 ай)

  • Компьютердик курстар (Web-программалоо, оператор, компьютердик графика, видеомонтаж);
  • Тил курстары (англис, кытай, орус, араб, фарс, түрк, корей, немец тилдери);
  • Экономика боюнча курстар (Бизнести долборлоо, 1С Бухгалтерия 8.2, Бухгалтердик эсеп, Салык, Финансылык эсеп, Мамлекеттик сатуу жана сатып алуулар);
  • Психология;
  • Музыкалык сабаттуулук курстары (комуз, гитара, аккордеон, фортепиано);
  • Кулинария (Ашпозчу-кулинар, бармен, официант);
  • Кийимдерди долборлоо жана конструкциялоо. Элиталык пардаларды тигүү;
  • Уюлдук телефондорду техникалык кароо, ремонттоо;
  • Декоративдик колдонмо искусство;

 

Керектелүүчү документтер:

–  Абитуриенттин арызы;

–  АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

–  ЖРТнын сертификаты;

–  3 х 4  өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

–  Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;

–  Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

 

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы, Ош шаары 723500,

Ленин көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы, 136-каб.,

Телефон:  0(3222)24525, 43525

Факс: 0(3222)24066

Сайт: www.oshsu.kg, Е-mail: [email protected]

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Алмаз / 14.06.2018 10:08
Араб тилинен котормочу болуу учун кайсы факултетте окушум керек?