ОШМУ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

  • 24.11.2023
  • 0

ОШМУ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Өзбекстандагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде академик Махмуд Салахитдиновдун 90 жылдыгына арналган “Дифференциалдык теңдемелердин заманбап маселелери жана алардын колдонулушу” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.

Конференцияда ректор Кудайберди Кожобеков академик Салахитдинов физика-математика илимдеринин тогуз докторун жана 38 кандидатын даярдап чыгарганын, алар окумуштуунун чоң илимий-педагогикалык мектебинен өтүп, Өзбекстандын жана анын чегинен тышкары жерлерде, анын ичинде Кыргызстанда да улантып жатышканын баса белгиледи.

«Ош мамлекеттик университетинде жана Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларында, Ташкентте кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактаган 20дан ашуун окумуштуулар эмгектенишет. Бүгүнкү күндө ОшМУ Өзбекстандын ЖОЖдору менен алгылыктуу кызматташууда. Анын ичинде Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттары жакшы жолго коюлган”, -деди.

Иш сапардын алкагында, ректор Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, пикир алышты.

Андан сырткары, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Раима Ширинова менен жолугуп, эки окуу жайдын ортосундагы билим берүү, илим изилдөө, студенттердин, окутуучулардын ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер