ОШМПУДА ЫР КЕЧЕ

  • 31.05.2023
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КРнын Эл акыны Кожогелди Култегиндин жолугушуу ыр кечеси болуп өттү.

ОШМПУДА ЫР КЕЧЕ

 

Иш-чарада акындын “Адамдар чекиттердин жарымындай” китебинин таанытымы уюштурулуп, ага окуу жайдын студенттери жана окуучулар жамааты катышты.

Университеттин ректору Бекмурза Зулуев акындын ыр жазуу стили, козгогон темалары, поэзия дүйнөсүндөгү өзгөчө орду тууралуу айтып, “Мугалим кыз” ыры аркылуу мугалимдик кесиптин барктуулугу чагылдырылганын баса белгиледи.

Кожогелди Култегин студенттерге өз калеминен жаралган жаңы ырларын окуп берип, окурмандарынын кызыктуу суроолоруна жооп берди. Аны менен бирге студенттер да акындын ыр саптарын көркөм окуп, обондуу ырларынан жандуу аткарышыпты. Жаңы жараткан обондорун да тартуулашты.

Соңунда Кожогелди Култегин окуу жайдын жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, ар бир аткарылган номерден чоң эргүү алып, берилген суроолордон купулуна толгонун билдирди. Мыкты жолугушууну уюштурган жана чыгармаларынын өзгөчө күйөрмандарына «Чыгармалардын 5 томдугу» китебин белекке берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер