ОшМПУда ОКУТУУЧУЛАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 13.01.2022
  • 0

Кыргызстандагы ONLINE UNIVERSITY жана BURANA STEAM COLLEGEдин адистери Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын өтүп жатышат.

Аталган курс 10-январдан тарта онлайн жана оффлайн форматында жүргүзүлүп, ага окуу жайдан 170 мугалим катталды. Семинар төмөндөгүдөй багыттар боюнча өтүп, 28-январга чейин уланмакчы:

  • Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмалары
  • Окутуудагы жаңы технологиялар
  • Видео-сабак даярдоо курсу
  • Кыргыз тили А, В, С деңгээлдери
  • Кыргыз адабиятында сынчыл ой жүгүртүү
  • Онлайн симуляциондук лабораториялар
  • Англис тили мугалимдери үчүн “REFRESH YOUR TEACHING”
  • Манас таануу сабактары
  • Илимий иш (диссертация) жазуунун ыкмалары

 

Учурда окутуучулар баштапкы эки багыт боюнча окуу курсун аяктап, сертификаттарга ээ болушту. Семинарлар Онлайн университетинин окутуучусу Мирлан Нуркамилов, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу, PhD доктор Бактыбек Исаков, Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Токтогулова Мукарам жана Burana STEAM колледжинин директору PhD доктор Элира Турдубаева тарабынан өтүлүп жатат.

Эскерте кетсек, декабрь айында Ош МПУнун ректору Бекмурза Зулуев менен Burana STEAM колледжинин директору, PhD доктор Элира Турдубаева расмий жолугушуп, эки окуу жай бирге кызматташууну жөнгө салуу менен жаңы келшимдерди түзүүгө жетишкен. Анын натыйжасында январь айында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү пландалган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер