ОшМПУда “ДЕН СООЛУК — 2022” СПАРТАКИАДАСЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

  • 19.01.2022
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде  жыл сайын салтка айланган факультеттер аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы кышкы спартакиада старт алды.

Мелдешти университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, жалпы катышуучуларга ийгилик каалоо менен, оюнга баалуу байгелер коюлганын айтып, ден соолукту чыңдоого болгон аракет ар дайым күч болуш керек экендигин белгилеп өттү.

Андан соң жобого ылайык алгачкы стол тенниси боюнча мелдеш башталды. Спартакиада мындан сырткары шахмат, тогуз коргоол жана агай-эжейлер ортосунда волейбол оюндары өткөрүлөт.

Иш-чараны уюштуруунун башкы максаты ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү болуп саналат.

Мелдеш 17-январдан 21-январга чейин окуу жайдын дене тарбия факультетинин жетектөөсүндө өткөрүлөт жана бардык факультеттин окутуучуларынан куралган командалар оюн көрсөтөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер